80ден ашык киши вирус жугузуп, Бишкекте 3 бейтап каза тапты. COVID статистикасы

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүМедициналык кызматкерлер ооруканада. Архив
Медициналык кызматкерлер ооруканада. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.02.2021
Жазылуу
Өткөн суткада коронавирус үч адамдын өмүрүн алган. Алардын бардыгы Бишкек шаарынын тургундары болгон. Ушуну менен вирустун курмандыгы болгондордун саны 1 436га жетти.
БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Өткөн суткада коронавирус 82 кишиден табылып, 98 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлады.
Кечээтен бери Ош жана Талас облустарында бир дагы адамдан коронавирус аныкталган эмес.
Жуктургандар:
  • Бишкек шаары – 32;
  • Чүй облусу – 32;
  • Ош облусу – 1;
  • Нарын облусу – 2;
  • Ысык-Көл облусу – 12;
  • Жалал-Абад облусу – 1;
  • Баткен облусу – 2.
Ушуну менен өлкө боюнча коронавирус жуктургандардын саны 85 253кө жетти.
Айыккандар:
  • Бишкек шаары – 36;
  • Ош шаары – 1;
  • Чүй облусу – 29;
  • Ош облусу – 4;
  • Талас облусу – 1;
  • Нарын облусу – 8;
  • Ысык-Көл облусу – 13;
  • Жалал-Абад облусу – 5;
  • Баткен облусу – 1.
Айыккандардын жалпы саны 81 923 болду.
Өткөн суткада коронавирус үч адамдын өмүрүн алган. Алардын бардыгы Бишкек шаарынын тургундары болгон.
ДССУ имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.02.2021
ДССУ: коронавирустун азайганына кубануу азырынча эрте
Коронавирустун курмандыгы болгондордун саны 1 436га жетти.
Бир сутка ичинде өлкө боюнча беш медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Ошол эле учурда стационардан бир, үй карантининен бир медик чыгарылган.
Акыркы 24 саат ичинде 3 436 адамга ПЦР-изилдөөлөр жүргүзүлдү.
Жаңылыктар түрмөгү
0