05:01 07 Жалган Куран 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR101.1579
  • RUB1.1394
Коом
Кыскача шилтеме алуу
63 0 0

Өмүрбеков өткөн жумада эки тараптуу пневмония менен ооруканага түшкөн. Абалы оор болгондуктан дароо жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган болчу.

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Пневмония болуп ооруканага түшкөн балдар хирургу Талант Өмүрбеков амбулатордук дарыланууга чыгарылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасынын жетекчиси Гүлжигит Аалиев билдирди.

Эске салсак, Өмүрбеков 19-январда эки тараптуу пневмония менен оор абалда ооруканага түшүп, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Аалиевдин айтымында, балдар хирургу ооруканадан бүгүн эртең менен чыкты.

"Өпкөсүнүн көп бөлүгү жабыркап, оор абалда эле. Өзүнүн жана дарыгерлердин аракети менен илдетти жеңди. Азыр абалы канааттандырарлык. Амбулатордук дарыланууда болуп турат", — деди дарыгер.

Аалиев Өмүрбеков эки жумадан кийин жумушка чыкса болорун кошумчалады.

Талант Өмүрбеков Кыргызстанга таанымал дарыгер. Ал Бишкек шаардык Тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын мурдагы дарыгери, Иса Ахунбаев атындагы медициналык академиянын балдар хирургиясы кафедрасынын жетекчиси, профессор, медицина илимдеринин доктору.

Тема боюнча

"Айламды таппай калдым". Ырчы Анжелика улуу кызынын да мойну сынганын билдирди
Белгилер:
айыгуу, оору, пневмония, хирург, Талант Өмүрбеков

ЭҢ МААНИЛҮҮ