Бишкектин бир канча көчөлөрүндө, айрым конуштарда электр кубаты өчөт. Тизме

© AFP / JOEL SAGETЛампочка. Иллюстративдик сүрөт
Лампочка. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Убактылуу өчүрүүлөр трансформатордук көмөк чордондорду тейлөө, зымдарды монтаждоо жана чубалгыларга тоскоолдук жараткан бутактарын кыркуу сыяктуу иштерге байланыштуу болот.
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Эртең, 28-январда, Бишкектин бир катар көчөлөрүндө, эл жашаган айрым конуштарында электр кубаты өчүшү мүмкүн.  Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынын сайтында айтылат.
Бул күнү трансформатордук көмөк чордондордо техникалык жактан тейлөө, оңдоо иштерин жүргүзүү, кабелдерге тоскоолдук жараткан бутактарды кыркуу сыяктуу иштер жүргүзүлөт.
Электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:
  • 10:00 - 16:00 — Жантөшев, Шүкүров, Ясенский кууш көчөсү;
  • 9:00 - 12:00 — 11-кичи район;
  • 9:40 - 17:00 — Муса Жалил, Садовая, Кантемиров, Жибек Жолу көчөлөрүндө;
  • 10:00 - 17:00 — Древесная, Өзгөн жана Кирпич көчөлөрү;
  • 9:30 - 18:00 —  Ак-Босого  конушу (Чүй көчөсү №13-14);
  • 9:30 - 17:00 —  Арча-Бешик  конушу (Сулуу-Төр, Миң-Куш, Ойсул-Ата, Садырбаев, Шербет, Шералиев, Түштүк Магистраль көчөлөрү), Москва көчөсүндөгү № 73 үйдө.
Жаңылыктар түрмөгү
0