Бишкекте үч киши каза болду. COVID-19 боюнча жаңы статистика

© AFP / INDRANIL MUKHERJEEМедициналык кызматкер COVID-19га анализ тапшыруу үчүн кан үлгүсүн кармап турат. Архив
Медициналык кызматкер COVID-19га анализ тапшыруу үчүн кан үлгүсүн кармап турат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Стационарда дарыланууда 607 бейтап жатса, алардын ичинен 25 адамдын өтө оор абалда экени айтылды. Ал эми амбулатордук дарыланууда 900 бейтаптын жатканы кабарланды.
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Бишкек шаарында COVID-19дан үч адам каза болсо, өлкө боюнча 107 киши илдетти жуктуруп алды. Бул туурасында Республикалык штабдан билдиришти.
Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:
  • Бишкек шаары – 45;
  • Ош шаары – 1;
  • Чүй облусу – 27;
  • Ош облусу – 16;
  • Талас облусу – 1;
  • Нарын облусу – 1;
  • Ысык-Көл облусу – 11;
  • Жалал-Абад облусу – 5.
Кыргызстан боюнча ооругандардын саны 84 175 адам болду.
Бир сутка ичинде COVID илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда – 148 адам:
  • Бишкек шаары – 60;
  • Ош шаары – 2;
  • Чүй облусу – 46;
  • Ош облусу – 10;
  • Нарын облусу – 5;
  • Ысык-Көл облусу – 21;
  • Жалал-Абад облусу – 3;
  • Баткен облусу – 1.
Кыргызстан боюнча 80 330 киши айыгып чыкты.
Стационарда дарыланууда 607 бейтап жатса, алардын ичинен 25 адамдын өтө оор абалда экени айтылды. Ал эми амбулатордук дарыланууда 900 бейтаптын жатканы кабарланды.
Бир сутка ичинде өлкө боюнча медицина кызматкерлери арасында коронавирус жуктуруп алган учурлар катталган жок.
 
 
Жаңылыктар түрмөгү
0