КРде жүрөк ооруларынан эмгекке жарамдуу эркектер көп көз жумат. Статистика

© Sputnik / Евгений Самарин / Медиабанкка өтүүЭлектрокардиография прибору. Архив
Электрокардиография прибору. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматка караганда, Кыргызстанда эркектер жүрөк-кан тамыр ооруларына көп чалдыгат. Бирок медициналык жардамга сейрек кайрылышат.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Кыргызстанда адам өмүрүн эң көп алган оорулардын сап башында кан айлануу системасынын илдеттери турат. Улуттук статистика комитети 2019-жылдын жыйынтыгы менен билдиргенине караганда, оорудан каза тапкандардын 51,6 пайызы дал ушул жүрөк-кан тамыр дарттарына чалдыккандар болгон. Алардын арасынан 51 пайызы эркектер.
“Эркек кишилер жүрөк-кан тамыр ооруларынан көбүрөөк жабыркашат. Өкүнүчтүүсү, бул илдеттерден каза болгондордун 65,6 пайызы эмгекке жарактуу курактагы адамдар”, — деп айтылат билдирүүдө.
Лишний вес - Sputnik Кыргызстан
Жакшы эркектин курсагы жок болушу керек. Дарыгерден видео кеңеш
Кан айлануу системасындагы кайсы оорулар деп караштыра келгенде, биринчи орунду 21 пайыз менен кан басымдын көтөрүлүп кеткендер ээлеген.  Андан кийин жүрөктүн ишемия (5 пайыз) илдети турат.
Ошондой эле эркектердин өлүмүнө көбүнчө залалдуу шишиктер, жугуштуу оорулар, СПИД жана жаракат алуу, уулануу сыяктуу кокустуктар түрткү болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0