06:56 27 Бирдин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7500
  • EUR102.9628
  • RUB1.1385
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2550)
133 0 0

Министр вакциналар боюнча Глобалдуу альянс (COVAX) өлкөгө Pfizer фирмасынын препаратын карап чыгууну жана 1,2 миллион дозаны акысыз жеткирип берүүнү сунуштаганын эске салды.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Кыргызстан америкалык компаниянын коронавируска каршы Pfizer вакцинасынан баш тарткан жок. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Ал вакциналар боюнча Глобалдуу альянс (COVAX) өлкөгө Pfizer фирмасынын препаратын карап чыгууну жана 1,2 миллион дозаны акысыз жеткирип берүүнү сунуштаганын эске салды. Бирок министр бул вакцинаны алуу үчүн аны –70 градус муздакта сакташ керектигин белгилеп, Кыргызстанда ага ылайык муздаткычтар жок экенин айткан. Шаар, облус борборлоруна муздаткычты коюш үчүн 2 миллион доллар керектелет.

"Биз Финансы министрлигине кат жаздык, бирок ал жакта акча жок деп жатышат. Саламаттык сактоо министрлиги Pfizer вакцинасынан баш тарткан жок. Эгер акча чыгып калса, биз муздаткычтарды сатып алабыз. COVAX альянсынын тизмесинде дагы жети вакцина бар. Эгер башкасын сунуштап, алар жеткиликтүү болсо, кошумча кабарлап коебуз", — деди Бейшеналиев.

Эске салсак, бүгүн эртең менен министр Кыргызстан каржы маселелеринен улам Pfizer вакцинасынан баш тартып жатканын айткан.

Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2550)

Тема боюнча

Норвегияда Американын Pfizer вакцинасын алган 23 киши көз жумду
ЖМК: Pfizer вакцинасын жарактуу деп тапкан агенттик кысымга учураган
Белгилер:
муздаткыч, министр, оору, вакцина, коронавирус

ЭҢ МААНИЛҮҮ