Жүлүнү үзүлүп майып болушууда. Жумабеков баллон менен муз тепкендерге кайрылды

© Sputnik / Нургуль МаксутоваБишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков. Архив
Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сөөк дарыгери баллон менен муз тээп баратып катуу жаракат алгандардын арасында комада жатканы, операция жасатканы жана майып болуп калгандар бар экенин айтты.
БИШКЕК, 16-янв. – Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги тоодо баллон жана клеенка менен муз тебүүдөн жаракат алгандар көп болуп жатканын айтып, эскертүү берди.
Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабековдун айтымында, быйылкы кышта эле баллон менен муз тээп жаракат алган 500дөн ашык киши кайрылган. Анын 150дөн ашыгы ооруканага жаткырылып, учурда 100дөн көбү дарыланууда.
Сөөк дарыгери баллон менен муз тээп баратып катуу жаракат алгандардын арасында комада жатканы, операция жасатканы жана, тилекке каршы, майып болуп калгандар бар экенин айтты.
"Омурткасы, кабыргасы, жамбашы, куймулчагы, буту-колу сынгандар, мээси чайкалып, баш сөөгүнөн жаракат алгандар бар. Арасында бир келин эки жумадан бери комада жатат. Ал баллон менен кетип баратып унааны сүзгөн экен, мээси катуу чайкалып, сөөктөрү жабыркаган. Үч бейтаптын омурткасы сынып, жүлүндөрү үзүлүп, шал болуп калды. Эми булардын буттары иштебейт. Ондон ашыгы омурткасына операция жасатты. Мындан тышкары, клеенка менен да муз тээп, 10дой киши жаракат алган", — деди Жумабеков.
Ортопед баллонго салыштырмалуу лыжадан жабыркагандар аз экенин белгиледи. Ошондой эле баллон менен муз тебүү спорттун түрү эмес экенин айтып, кооптуу жактарын эскертти.
Коньки тееп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте конькини акысыз тебүүгө ылайыкталган муз аянтчасы ачылды
"Лыжадан жыгылып баратып сактанып калса болот да, көбүнчө анда акырек сынат. Ал эми баллонго отурганда буту-кол асманды карап, адам аны башкара албай калат. Анан аң-сайга түшөт же тоо-ташты сүзөт, киши ыргып жамбашы менен жерге катуу отуруп калган да учурлар бар. Баллон тепкенди токтоткула, анын зыяндан башка пайдасы жок, эч бир спорттун түрү эмес деп эле айткым келет. Өткөндө бир ырчы баллон менен муз тээп, анан түз эфирде баарлашып баратат. Эл адамдарында жоопкерчилик болуш керек да. Мындай кадамы менен башкаларды да үндөп жатат", — деди сөөк дарыгери.
Сабырбек Жумабеков жаракат алган бейтаптардын абалын эске алуу менен тиешелүү тараптар баллон тептиргендерге чара көрүшү керек деген пикирин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0