Паркинсон фондунун маалыматы боюнча, бул ооруга кабылгандар калтырап-титиреп калганга чейинки жылдарда алар маалы менен жыт билбей калып жатышкан. Кээде мындай симптом Паркинсон оорусунун диагнозу коюлганга чейинки 10 жылда байкалары айтылат.
Изилдөө көрсөткөндөй, Паркинсон дартына кабылгандардын 90 пайызы жытты жакшы сезбейт.
Учурда аталган илдет айыккыс болуп эсептелет. Дарыгерлер бейтаптын оорусунун күчөшүн жайлатууга гана жардам берип келишет.
Буга чейин дарыгер адам жытты коронавируска кабылганда, мурун көңдөйүнө суук тийгизгенде, курч же өнөкөт ринитте жана башка дем алуу органдарынын ооруларында сезбей каларын айткан.
"Жогорку Кеңештин айрым депутаттары колуна бир үйдүн баасына тете саат тагынат" десе ишенесизби? Sputnik Кыргызстан депутаттыкына окшош сааттарды интернет дүкөнүнөн карап, болжолдуу наркын биле алды.
Өлкө башчы "Кумтөрдү" Акылбек Жапаров текшерет деген маалыматтан кийин ага "карышкырга кой кайтартыпсыңар" деген билдирүүлөр көп келе баштаганын айткан.