Мэрия Оштун чок ортосунан ишкерлик үчүн ижарага жер берүүдө. Сынак

Жазылуу
Конкурстан уткан ишкерлер жерди соода түйүн, тез татым ачып, ажаткана орнотуп жана жашылдандыруу максатында иштете алат.
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Ош шаарынын чок ортосунда жайгашкан фонтандын айланасындагы ишкерлик кылууга ылайыкташкан жерлер ижарага берилет. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге ылайык, жер тилкеси беш жылдык мөөнөткө арендага берилет, ал шаардын Ленин көчөсү, 328 дарегинде жайгашкан.
"571,1 чарчы метр жер жеңил типтеги конструкциядан соода-түйүн жана тез татым жайларын курууга, 80 чарчы метри ажаткана орнотууга, 10 897 чарчы метри көрктөндүрүү жана жашылдандырууга ала алышат. Конкурска бардык юридикалык жана жеке тараптар катыша алат", — деп айтылат маалыматта.
Конкурс тууралуу кошумча маалымат алуу үчүн (03222)7-07-33, (0552)798181 телефондору же Ош шаары, Заднепровский көчөсү, №4 дарегине кайрылууга болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0