БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Бүгүн Бишкек шаарынын эки жеринде азык-түлүк жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги билдирди.
Жарманкенин бири Горький жана 7-апрель көчөсүнүн кесилишиндеги "Фрунзе" гипермаркетинин, экинчиси 7-кичи райондогу "Глобус" маркетинин аймагында болот.
Анда төмөнкү азык-түлүктөр сатылат:
Баасы 1 килограмм менен эсептелет.
- Эт 390 сом;
- Тоок эти 135:
- Тооктун сан эти 100;
- Тооктун буту 146;
- Тооктун канаты 190;
- Жумуртка 87 жана 85;
- Кумшекер 46.
Жарманке саат 11:00дө башталат. Кененирээк маалымат алуу үчүн 0550 700 053, 0552 886 612 номерлерине кайрылуу сунушталат.