10:41 28 Үчтүн айы 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR103.0066
  • RUB1.1301
Коом
Кыскача шилтеме алуу
564320

17 жашына чейин Зафарбек Сулайманов кичи мекени Жалал-Абад шаарынан сыртка чыккан эмес. Ал түгүл Бишкекти да көрө элек болчу. Анткен менен жаш жигиттин бизнеси азыр эл аралык деңгээлге чыккан.

Зафарбек Сулайманов — ири ишкер. Анын тигүү цехинде жүздөй киши эмгектенет. Ал эми ишканасында тигилген кийимдерди россиялыктар, казакстандыктар, ал тургай айрым европалык өлкөлөрдүн тургундары кийип жүрөт.

Бизнесинде миллиондогон акча айланса да, баарлашканыбызда 27 жаштагы кыргызстандык ишкер абдан карапайым экенине ынандык. Зафарбек өзү, турмушу тууралуу тамашага сала, кези келгенде өзүн шылдыңга да алып кеңири баян салды.

— 1993-жылы Жалал-Абадда туулгам, 17 жашка толгончо эч жакка чыккан эмесмин. Чет өлкө түгүл Бишкекке да келе элек болчумун. Ушундай борбордон оолак өскөн жигитмин.

Эл катарындагы үй-бүлөдөнмүн, атам транспорттук тармакта инженер болуп иштеген. Тайгада жол курган, кийин кайтып келип, мамлекеттик кызматкер болду. Апам – башталгыч класстардын орус тили мугалими. Айтор, ушундай катардагы жалалабаддык бир үй-бүлөдөн чыккам.

— Көпчүлүк биздин аймактарыбызда келечек бүдөмүк, тезинен ал жактан качуу керек деп эсептешет...

— Бул туурасында көп ой жүгүрттүм. Ата-энелер өздөрү да жаштарды кичи шаарларда келечек жок деген ойго түртүшөт. Баары качышат, бирок чындыгында кызыктуу келечек ошол жакта: аймактагы иштердин чети да оюла элек. Кептин баары инфраструктуранын — кинотеатр, театр, ийримдердин жоктугунда.

Мына менин карындашым 9-классты аяктады. Аны алып кетүүгө аргасыз болдук, анткени өнүгүү үчүн шарт, ал тургай бий ийрими да жок. Мына ушундай нерселерден улам адамдар аймактардан качат! Бөркүңүздөй көрүңүз, акча маселеси мында эң акыркы сапта.

Жеке өзүм Жалал-Абад менен Бишкектин бирин тандаган эмесмин. Кыргызстанда жашасамбы же чет өлкөдө калып калсамбы деп ойлонгом. 17 жашымда АКШга учуп кеткем, кийин Түркияда эки жылдай, Бельгияда бир жыл жашадым.

Беш жыл мурун сыртта дагы жүрө берип, мекенге кайтпасам, байланыш үзүлүп каларын түшүндүм. Европа, Түркия, АКШда жашаган көп мекендештерди көрдүм. Алар Кыргызстандан таптакыр оолак калган, балдары да башка тилде сүйлөшөт. Андайды каалаган жокмун. Ошондуктан Улуу Британияда акысыз окуунун ордуна бул жакка келе бердим.

— Чет өлкөдөгү жашоо тажрыйбаңыздан кеп салсаңыз.

— 17 жашымда Американын Сиэтл шаарына окууга кеттим. Бир топ нерселерди кабылдай албай, дендароо болуп жүрдүм. Мисалы, Америкадагы алгачкы таңды айтып берейин. Биз менен ал жактагы убакыттын айырмасы 12 саат. Таңкы төрттө ойгонуп алдым, кардым ушунчалык ач. Терезеден чыгып, тамак-аш жайларын издеп кирдим.

Америкалык турмушту жакшы түшүнө элек кезим, бирок McDonald's болорунан кабарым бар эле. Аны издеп таап, эптеген англисчем менен бургерге буюртма берип, тамактанып алдым.

Сыртка чыкканымда баары эле мага жылмайышат. Аябай ыңгайсыз болдум! Көрсө америкалыктардын маданий өзгөчөлүгү ушунда тура, баарына тегиз жылмайышат. Ага эки апта дегенде көндүм окшойт. Ал тургай АКШда баары кызыктай экен деп ата-энеме да арызданып алганга үлгүргөм.

Дагы бир кызыктуу учур болгон. Мекенчилдик менен "I love KG" (KG — Kyrgyzstan дегендин кыскартылышы — ред.) деген футболка, башыма калпак кийип алгам… Айланамдагылардын баары эле "Эмнеге килограммды жакшы көрөсүң? Салмак кошкуң келеби?" — деп сурашат.

Анан, албетте, америкалыктардын баары Кыргызстан менен Күрдстанды алмаштыра беришет. "Оу, Күрдстан! Силердин дагы деле эгемендигиңер жок эмеспи!" — дешет. Кыргызстан — Борбор Азиядагы көз карандысыз өлкө экенин эринбей түшүндүрөм.

Тилекке каршы, мектепте бизге өз маданиятыбызды, өз өлкөбүздү таанууну үйрөтүшпөйт. Биз ал түгүл туристтерге да муну тыңгылыктуу көрсөтүүгө жарабайбыз, колубуздан келгени — алардан акча өндүрүп калуу.

Ал жакта бүтүндөй мамлекетти жалгыз "таанытып", алардын баягы эле суроолоруна: "Ооба, ушундай өлкө бар. Ооба, биз картада белгиленгенбиз. Жок, биз орус эмеспиз, аюулар көчөлөрүбүздү аралап жүрбөйт. Жок, биз тек гана боз үйдө жашабайбыз..." деген жоопторду берүүгө туура келет. 

Бизнесмен Зафарбек Сулайманов,  на его швейном предприятии трудятся около сотни человек
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Зафарбек Сулайманов — ири ишкер. Анын тигүү цехинде жүздөй киши эмгектенет

— Бөтөн жерде көңүлүңүзгө таптакыр толбогон нерселер болду беле?

— Ошол жылмаюулар чын дилден эмес, дайым жасалма сезиле берчү. Бизде жеңил эмеспи, адамдар бири-бириникине мейманчылашат. Чай ичишет, ал эми башка жактарда адамдар өтө эле сый. Батыш коомунда индивидуализм жогору, кээде бул нерсе адамды бушайманга салат. Айрыкча Бельгияда жүргөндө катуу жалгызсырадым.

— Батыш турмушунан соң мекенге кайтуу кыйын болгон жокпу?

— Кайра маданий дендароого кабылбадымбы. Бишкекке келгенимде "Ош" базарга барып адамдардын бири-бирине агрессивдүү караганына, эч жылмайбаганына таң калдым. Андайга таптакыр көнбөй калыпмын.

Досторум "эмне эле америкалык болуп жатасың?" деп мени шылдыңдап жүрүштү. Мисалы, көчөдө баратып таштанды көрүп калсам, аны челекке ыргытып коем. Ал эми эл мени жөн эле башка киши болуп көрүнгүсү келип жатат деп ойлошчу... Бирок азыр кайрадан кыргызстандыкка айландым. Өзүңүздөр байкагандай, чөйрө адамды тез эле өзгөртүп коет.

— Эмнеге тигүү өндүрүшүн ачууну чечтиңиз? Бизде ар бир экинчи киши ушул тармакта го!

— Анткен менен бизде көп нерсе аксайт. Жергиликтүү бренд менен бир нече бутик ачканбыз. Эл баш багып: "Апей, бизде тигилген тура, бас, жакшыраагын эле сатып алалы", – деп кетип калышат. Ыза болосуң! Себеби канча күч, эмгек жумшайбыз. Тилекке каршы, кыргызстандыктар: "жергиликтүүнүн баары жаман, сырттан ташылгандар сапаттуу" деген көндүм ойдо. Суусундуктарыбыз гана жакшыраак кабылданат.

Бүт дүйнөгө иштей турган ишкана ачканыбыз оң экенин түшүндүк. Азыр биз товарыбызды Россия, Казакстан, Чыгыш Европага экспорттойбуз. Батыш Европа рыногуна чыгууга да жол издөөдөбүз. Бирок ал жакта лицензиялоо жана стандартташтыруу жагы бир топ машакаттуу.

Күндө кийилчү кийимдерди, мектеп формасын, адистик кийимдерди тигебиз. Ушул тапта компанияда жүздүн тегерегинде киши иштейт. Быйыл штатты 200гө чейин көбөйтүүнү пландаганбыз. 

— Бизнеске каражатты кайдан таптыңыз?

— Өнөктөшүм экөөбүз курдашпыз. "Акча кайдан? Ким берди? Ата-энеңерби?" – деп сурагандар толтура. Чындыгында долбоор жакшы болсо, ага салым сала турган кишилер дайым табылат. Башта сырье жетиштүү болушу үчүн MacBook, телефон, фотоаппарат, машинамды сатууга туура келген.

Бизнесмен Зафарбек Сулайманов,  на его швейном предприятии трудятся около сотни человек
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Зафарбек Сулайманов: 17 жашымда Американын Сиэтл шаарына окууга кеттим. Бир топ нерселерди кабылдай албай, дендароо болуп жүрдүм

— Бул иште тапкан эң чоң сумма канча эле?

— Чоң каражат айлангандыктан биздин ишти жаш деп баалоого болбойт. Кирешебиз кыйла жакшы, кээде бир нече миллион сомго чейин чыгат.

Анткен менен батир сатып алууга акча топтой алдым деп айта албайм. Биринчи ийгиликтерден кийин эле турак жай сатып алуу натуура деп эсептейм. Бир убакта мен да сатып алгым келген, бирок каражатты кайра бизнеске салуу керектигине өзүмдү көндүргөм. Негизи чоң суммадагы акчаны 20 жашымдан тарта таба баштагам, алгачкы миллион сомду 23 жашымда тапкам.

— Инвесторлор сенин ишиңе акча салгыдай ийгиликтин сыры эмнеде?

— Бир нече суроого барып такалат. Сага канча каражат керек? Качан кайтарасың? Инвестор мындан канча пайда табат? Ушулар гана маанилүү, калганы жөн гана лирика.

— Эң ири авантюраңызды билсек болобу?

— Ишти баштарда колубузда бир аз акчабыз бар эле. Анан рыноктон жылчык издей баштадык. Мектеп формасы менен эч ким деле берилип иштебей турганын көрдүк. Албетте, мамлекеттик мектептер бар, ошону менен бирге эле бөтөнчө кийим каалаган жеке мектептер да жок эмес. Ошолорго басым жасадык.

Биз тиккен форманы Кыргызстан, Россия, Казакстан сатып ала баштады. Муну ири авантюра деп атоого деле болбойт. Бирок мындай демилгенин өзү авантюралык эле, антсе да өзүн толук актады.

— Тажрыйбаңызда өзүн актабай, сызга отургузган демилге болду беле?

— Студент кезде бишкектик дүкөндөр түйүнү үчүн кызыктуу графикалык сүрөт түшүрүлгөн футболкалардын коллекциясын чыгарууга 20 миң доллар тарта алдык. Чоң партиясы сатылып кетти. 30 миң доллар таптык, жетине албай дагы көп футболкага буюртма бердик. Эми ушунчалык чоң партияны десеңиз!

Жайдын толукшуп турган убагы. Биз жашпыз, көп нерсени көрө элекпиз, жайында жайкы кийимге буюртма берүүгө болбостугунан кабарыбыз жок. Партия келгенче эле сезон аяктап калат тура. 60 миң долларга футболка келди, төрт жыл сата албай жүрдүк, анткени анын убагы эбак кеткен.

—Акчаны кантип чыгарып алдыңыздар?

— Башка долбоорлорду ага катар баштадык, эбин таап, акча таптык. Мындайлар дайым боло берет, авантюрага кирип, кирешенин жаңы булактарын издөө дурус. 

Бизнесмен Зафарбек Сулайманов,  на его швейном предприятии трудятся около сотни человек
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Зафарбек Сулайманов: бизде бизнес жүргүзүү маданияты калыптана элек, иш этикасы жок. Каалаган киши сага түнкү саат 12де телефон чалып: "Эй, эмне болдуң? Эртең кезигебизби?" – дей берет

— Кыргызстанда бизнес кылууга эмне чоң бөгөт болот?

— Көп тоскоолдуктар бар. Мисалы, бизде бизнес жүргүзүү маданияты калыптана элек, иш этикасы жок. Каалаган киши сага түнкү саат 12де телефон чалып: "Эй, эмне болдуң? Эртең кезигебизби?" – дей берет.

Жеке өзүм жолугушууларга эч качан кечикпейм, ал эми башкаларда көп болот. Сен күтүп отурасың, келчү кишинин айынан жарым же бир саат текке коротосуң... Арга жок. Ийкемдүү болуп, аларга ылайыкташууга туура келет.

— Жаштыгыңызга карап кичүүсүнтүп койгон учурларга көп кабыласызбы?

— Жаштык — гендер маселеси өңдүү курч деле көйгөй эмес. Мисалы, менин өнөктөшүм — кыз киши. Жолугушууларга чогуу барганыбызда кээде аны байкамаксанга салышат. Болбосо, бул иште ал экөөбүздүн ордубуз бирдей.

— Ишкерлердин баары жакшы кызматкерлерди табуу кыйын экенин айтып кейип калышат.

— Чындап эле адамдардын дымагы кээде алардын реалдуу жөндөмдөрүнө төп келбейт. Киши көп акча тапкысы келет, бирок ага компетенциясы жетишсиз. Бул — чоң көйгөй.

Былтыртан тарта биз жаштарды кошумча окутууга өттүк, бул кайрымдуулук демилге катары ишке ашырылууда. Мисалы, каржы жана экономика боюнча олимпиада өткөрүп, анын жыйынтыгы менен мыкты студенттерди алдыңкы компанияларга такшалуу үчүн орноштурабыз.

Кадрдык тартыштыкты өзүбүз жон терибиз менен туюп жаткандыктан ушул багытта иш алып барууну чечтик. Маселенин баары жогорку окуу жайларында жетиштүү билим берилбегендигинде. Дипломдорун көтөрүп, бирок эч нерсе билбегендер келишет. Төрт жыл эмне кылып жүргөндөрүн сураганыбызда "Эми, китеп окуп, конспектилечүбүз...", — дешет.

— Коронавирус боюнча карантин жок. Бизнесиңиз кайра калыбына түшүп калды дешке болобу?

— Дээрлик калыптанып калды. Карантин аяктаганда кийимге суроо-талап өскөн. Москвада биздин соода-сатык он эсеге жогорулады. Кызык, бирок кийим-кечеге бир башкача талап күч алды. Тыным албай тырышып жатабыз.

— Каатчылыктан эми гана тирденип келе жаткан ишкерлерге эмне кеңеш берер элеңиз?

Кыргызстандык виолончелистка Нурмира Салимбаева
© Фото / из личного архива Нурмиры Салимбаевой
— Айтылып эле жүргөн кеңеш болор, бирок альтернативдик мүмкүнчүлүктөрдү издеп, рыноктун бүгүнкү чындыгына ыңгайлашуу зарыл. Билишимче, Москвада супермаркеттер түйүнү суроо-талап күч алгандыктан, кардарсыз калган белгилүү бир тамактануучу жайлар түйүнүнүн кызматкерлерин ишке ала баштаптыр. Ушинтип пандемия шартында да кандайдыр консорциум түзүп, күчтөрдү бириктирип, эбин табууга болот.

Бир карасаң түшүнүктүү эле болуп тургандай, бирок азыр ишкерлерге мындай кыйроодон кийин кайра бутка туруп, алдыга умтулуу баарынан кыйын. Ооба, бул оор, бирок башка арга да жок.

Тема боюнча

Сагынбаева: пандемияда эркектерге караганда аял ишкерлердин бизнеси жабыркады
Көптү үйрөндүк. Онлайн окууну кызыктуу жумушка айлантып алган мугалимдер
Белгилер:
Чыгыш Европа, Россия, Казакстан, Кыргызстан, тигүүчү, кийим-кече, пандемия, ишкер

ЭҢ МААНИЛҮҮ