Өкмөт Нарынга 300 үй-бүлө үчүн эксперименталдык айыл курууга белсенүүдө

Жазылуу
Ал жерге сейсмологиялык жана сел жүрүү кооптуулугунда турган Ак-Чий, Жаңы-Тилек айылдарынын жашоочуларын көчүрүп келүү пландалууда.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Кыргыз өкмөтү Нарын облусуна "Ак-Тилек" деп аталган эксперименталдык конуш курууга белсенип жатат. Тийиштүү буйруктун долбоорун Архитектура, курулуш жана коммуналдык-турак жай агенттиги коомдук талкууга чыгарды.

Жаңы конуш Ак-Талаа районунда пайда болору айтылган. Ал жерге сейсмологиялык жана сел жүрүү кооптуулугунда турган Ак-Чий, Жаңы-Тилек айылдарынын жашоочуларын көчүрүп келүү пландалууда. 1990-жылдын аягынан 2010-жылга чейин бул аймактарда бир нече жолу жер силкинип, сел түшүп кыйроолорго алып келген. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ал жердин тургундарын көчүрүү зарыл деген корутунду чыгарган.

Строительство массива Кен-Сай в Оше - Sputnik Кыргызстан
Оштун жака белиндеги Кең-Сай конушу өзгөчө шаарчага айланат. Эскиз
Ак-Тилек конушу 300 турак жайга (1500 адам) ылайыкташкан. Курулуш агенттиги жерлер 2019-жылдын ноябрында эле өкмөттүн токтому менен трансформация болгонун билдирди.

Конушту куруу жана пландаштыруу боюнча жаңы ыкмаларды колдонуу (конструкция, курулуш материалдары, инженердик камсыздоо системасы) чечими кабыл алынгандыктан эксперименталдуу калктуу конуш деген макам берилет.

Ошондой эле планын иштеп чыгууда шаар куруу боюнча дүйнөлүк тажрыйба жана экологияга аяр мамиле жасоо принциби колдонулганы белгиленет. Үйлөрдүн ичи жылуу жана жер титирөөгө туруштук берүү деңгээли жогору болоруна ишендирет.

Долбоордун суммасы жазылган эмес, бирок өкмөт ага бюджеттик каражат коротулбай турганын айтты. БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын долбоору аркылуу каражат жана инвестиция тартылары күтүлүүдө. Бул боюнча алдын ала макулдашуу түзүлгөн.

Техникалык документациясы менен өкмөттүн сайтынан кененирээк таанышууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0