Сурабалдиева министрликтин гумжардам боюнча отчёту чийки экенин айтты

© Фото / Пресс-служба правительства / Алишер АлиевВице-премьер-министр КР Эльвира Сурабалиева
Вице-премьер-министр КР Эльвира Сурабалиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эльвира Сурабалдиева Кыргызстанга кирген гумжардамдар кайда жумшалганы боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин отчёту чийки экенин айтып, иликтөө жүргүзүлөрүн белгиледи.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Вице-премьер Эльвира Сурабалдиева гуманитардык жардам тууралуу отчёт берүү маселеси боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин жана жергиликтүү бийликтин дарегине катуу сын айтты.

Чиновник бүгүн Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынын өткөрдү.

"Мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийлик органдарына алган гуманитардык жардамдар боюнча толук отчёт берүү тапшырмасы берилген. Муну жарандар, Жогорку Кеңештин депутаттары, жардам берген эл аралык уюмдар жана донорлор күтүүдө. Бирок берилген отчёт толук эмес жана айрым пунктулар түшүнүксүз. Мисалы, Талас жана Чүй облустарындагы аймактык медициналык мекемелерге кандай конкреттүү медициналык буюмдар жеткирилген? Ош облусу боюнча кандай чыгымдалуучу материалдар, канча тест-система алынды? Жер-жерлерге өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттын, концентраторлордун, рентген-аппараттардын канчасы жеткирилди? Отчётто 325 рециркулятор алынганы белгиленген, бирок алар кайда экени көрсөтүлгөн эмес. Эмне үчүн медициналык жабдуулар баланска алынып, тиешелүү тартипте белгиленген эмес? Жарандардан, донорлордон жана ыктыярчылардан алынган бардык жардамдар кылдаттык менен изилденет", — деди ал.

Сурабалдиева отчёттордо канча дары-дармек каражаты алынгандыгы жана алардын аталышы көрсөтүлбөгөнүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0