БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев мөөнөтү аяктагыча жаңы конуштардагы жерлерди мыйзамдаштырып кетерин Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда өткөн онлайн-брифингде билдирди.
© Sputnik / Табылды КадырбековМэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев
![Балбак Түлөбаев жаңы конуштардагы жерлерди мыйзамдаштырып кетерин айтты Балбак Түлөбаев жаңы конуштардагы жерлерди мыйзамдаштырып кетерин айтты - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e4/0c/01/1050623456_0:0:3072:2048_600x0_80_0_0_d69780dea1ff1b763fd43eed8532f158.jpg)
Мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев
Түлөбаев апрелге чейин гана иштей турганын айтып, бул аралыкта калаада чоң өзгөртүүлөрдү жасоого жетишпей каларын белгиледи.
"Мен бул кызматта апрель-майга чейин эле отурам. Ага чейин жасап, бүтүрүп кетчү бир топ тапшырмаларым бар. Алардын бири - жаңы конуштардагы жерлерди мыйзамдаштыруу. Мындан сырткары, автобус көйгөйүн чечип, структуралык өзгөртүүлөрдү жасайм. Жерлерди инвентаризация кылып да жетишишибиз керек. Эң башкы тапшырма — элди кыштан, коронавирустан аман-эсен алып чыгуу", — деди калаа башчынын милдетин аткаруучу.
Түлөбаев Бишкекти ТЭЦ-2 районун көздөй чоюу маселесин карап чыгуу боюнча премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков тапшырма бергенин айтып, бул тема дагы талкуулана турганын белгиледи.