Боом капчыгайында жол кырсыгы болуп, тыгын жаралды. Видео

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүТыгында турган унаалар. Архив
Тыгында турган унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы кырсыкка кабылган унаалар жайкы дөңгөлөк менен жүргөнүн билдирди.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Боом капчыгайында жол кырсыгы болуп, автоунаа тыгыны жаралды. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Окуя бүгүн күндүз болгон. ЖКККБнын маалыматына ылайык, эки айдоочу рулду башкара албай калып, унаалары ортодогу тосмону (парапет) сүзгөн.

"Жол кырсыгынан улам тыгын пайда болду. Жеринде биздин кызматкерлер иш алып барып жатат. Эки айдоочу да жайкы дөңгөлөк менен жүргөн экен", — деп айтылат маалыматта.

Кырсыктын видеосун "Короче" Telegram-каналы жарыялады. Анда парапетти сүзгөн бир гана унаа тартылган. 

ЖКККБнын регионалдык бөлүмү айдоочуларды тоолуу жолдордо тийиштүү ылдамдыкты жана автоунаалардын арасындагы 500 метр аралыкты сактоого чакырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0