Баткенде фитосанитардык лабораториянын курулушу башталды

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүСтроительство жилых комплексов в Новгородской области
Строительство жилых комплексов в Новгородской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Имаратты куруунун сметалык баасы 10 миллион 650 миң сомду түзөт. Курулуш иштери 2021-жылдын апрель айында бүтө турганы пландалууда.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Баткен шаарында өсүмдүктөрдүн карантиндик лабораториясын куруу үчүн капсула салынды. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага министр Тилек Токтогазиев жана Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Жаныбек Жалалов катышты.

"Бул лаборатория зыяндуу организмдерди аныктоого, товар өндүрүүгө түздөн-түз таасир этиши мүмкүн болгон оорулардын өсүшүн жана жайылышын алдын алууга мүмкүндүк берет. Лаборатория ата мекендик жана импорттук материалдардын үлгүлөрүн экспертизадан өткөрөт. Бул ишкерлердин жүгүн бир топ жеңилдетет, анткени азыр бардык продукциялар Ош шаарына экспертизага жөнөтүлүшү керек болуп турат", — деди Токтогазиев.

Имаратты куруунун сметалык баасы 10 миллион 650 миң сомду түзөт. Курулуш иштери 2021-жылдын апрель айында бүтөт деп пландалууда.

Жаңы имарат лабораториялык бөлмөлөрдү, окуу бөлмөлөрүн жана жумушчу бөлмөлөрдү камтыйт.

Бүгүнкү күндө республика боюнча Бишкек, Ош шаарларында, Талас, Ысык-Көл облустарында төрт лаборатория бар. Нарын облусунда лаборатория пайдаланууга жаңыдан берилүүдө. Ал эми Жалал-Абад облусуна фитосанитардык лабораторияны 2021-жылы куруу пландалууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0