БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Өткөн суткада коронавирус 15 медиктен аныкталган. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.
Билдирмеге ылайык, жаңы катталган учурлардын ичинен эки медик ооруну кызыл зонадан илештирген.
Коронавирус табылган медиктердин саны:
- Баткен облусунда – 3;
- Бишкек шаарында – 3;
- Чүй облусунда – 1;
- Ош облусунда – 1;
- Жалал-Абад облусунда – 4 (кызыл зонадан 1);
- Талас облусунда – 3 (кызыл зонадан 1).
Бир суткада стационардан алты медкызматкер айыгып чыкканы айтылды.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлеринин арасында 3 750 учур катталды, алардын ичинен 3 505 медик сакайды.