БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Жума, 13-ноябрь күнү, Калкты ыкчам тейлөө боюнча автоборбордун ачылыш аземи өтөт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты.
Борбор Бишкектин чыгыш тарабында Чолпон-Ата көчөсү - 2 дарегинде ("Аюу Гранддын" имараты) жайгашкан.
Унаа базарынын аймагында машинаны каттатуу мүмкүн эмес. Себеби
Калкты ыкчам тейлөө борборунун максаты – кыргызстандыктарга майнаптуу, жогорку сапаттуу жана ыкчам кызмат көрсөтүү. Ошондой эле айдоочулук күбөлүк, автоунаа номерин берүү жана транспортту каттоо, кайра каттоо иштерин жеңилдетилет.