Коронавирустан дагы беш киши акка моюн сунду

© Sputnik / Максим Захаров / Медиабанкка өтүүОоруканадагы дарыгер. Архив
Ооруканадагы дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жугуштуу ооруну жеңе албай калгандар Бишкек шаары менен Баткен жана Ош облустарында дарыланып жаткан. Жалпысынан COVID-19 1 150 адамдын өмүрүн алды.

БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада коронавирус инфекциясын жуктурган беш бейтап каза тапканын Республикалык штаб кабарлады.

Ага ылайык, дартты жеңе албай калгандардын экөө Бишкекте, дагы экөө Баткенде, ал эми бирөө Ошто дарыланып жаткан болчу.

Ушуну менен өлкөдө COVID-19 илдетинен көз жумгандардын саны 1 150гө жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0