Коронавирустан каза болгондордун көбү кайсы аймакта катталган? Тизме

© REUTERS / ERIC GAILLARDМедициналык кызматкер иш учурунда. Архив
Медициналык кызматкер иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавирус жуктургандар боюнча да Бишкек шаары биринчи орунда турат. Жалал-Абад, Чүй, Ош облустарынан да COVID-19 көп кишиден аныкталган.

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Республикалык штаб пандемия башталгандан бери коронавирустан көз жумгандар кайсы аймакта көп болгонун айтып, жалпы статистиканы жарыялады.

Билдирмеге ылайык, өлкө боюнча COVID-19дан Бишкек менен Чүй облусунан көп киши көз жумган.

COVID: өлкөдө 1000ден ашык адам оор абалда жатат

Каза болгондордун жалпы статистикасы:

  • Бишкек шаары — 558;
  • Чүй облусу — 144;
  • Ысык-Көл облусу — 83;
  • Ош облусу — 82;
  • Ош шаары — 67;
  • Жалал-Абад облусу — 65;
  • Нарын облусу — 65;
  • Баткен облусу — 51;
  • Талас облусу — 30.

Коронавирус жуктургандар боюнча да Бишкек шаары биринчи орунда турат. Жалал-Абад, Чүй, Ош облустарынан да COVID-19 көп кишиден аныкталган.

Кыргызстанда коронавирустан көз жумгандардын жалпы саны 1 145 болду. Ал эми жуктургандардын саны 58 878ге жетсе, анын ичинен 49 983 бейтап айыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0