08:07 23 Үчтүн айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7671
  • EUR103.2421
  • RUB1.1399
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1259)
106 0 0

Адистин айтымында, симптомсуз коронавирус дагы балдардын ден соолугуна бир топ залакасын тийгизиши ыктымал. Мисалы, мээнин кабыл алуу жана эске тутуу функциялары начарлайт.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Коронавируска кабылып сакайган балдарда кийин тукумсуз болуп калуу коркунучу бар. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине Россиянын педиатрлар союзунун аткаруучу комитетинин төрайымы Лейла Намазова-Баранова билдирди. 

“Бардык ата-энелерди баласы коронавирустан сакайган соң жакшылап көңүл бургула деп чакырам. Биздин иликтөөлөргө караганда, бала симптомсуз коронавируска кабылган күндө дагы организмде бир топ өзгөрүүлөр болот. Маселен, мээнин когнитивдик функциялары 30 пайызга азая түшөт”, — деди дарыгер.

Анын айтымында, эркек балдарда дагы бир көйгөй жаралышы мүмкүн.

“Урологдор менен бирге жүргүзгөн иликтөөлөр баланын келечекте тукум улоо мүмкүнчүлүктөрүнө дагы терс таасирин тийгизери белгилүү болду. Демек, бир канча жылдан кийин эркектер арасында тукумсуздук күч алып, көйгөй жаратышы мүмкүн”, — деди педиатр.

Эске салсак, Кыргызстанда балдар арасындагы COVID-19ду дарылоо эрежелери камтылган протокол бекиген.

Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1259)

Тема боюнча

Кыргызстандыктарга КРВИ менен сасык тумоону алдын алууну айтып беришти
Белгилер:
кесепет, коронавирус, бала

ЭҢ МААНИЛҮҮ