Кыргызстандагы коронавирус: 582 киши ооруп калды, 324 бейтап сакайды

© AFP / PATRICIA DE MELO MOREIRAСитуация в Португалии на фоне пандемии COVID-19
Ситуация в Португалии на фоне пандемии COVID-19 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жугуштуу илдетке кабылгандар Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында азайбай жатат. Эң аз учур Нарында катталды.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Өлкөдө акыркы суткада 582 кишиден коронавирус табылды, ал эми ооруну 324 бейтап жеңди. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

  • Бишкек — 63;
  • Ош — 59;
  • Чүй облусу — 81;
  • Ош облусу — 127;
  • Талас облусу — 17;
  • Нарын облусу — 7;
  • Ысык-Көл облусу — 29;
  • Жалал-Абад облусу — 86;
  • Баткен облусу — 113.

Марттагы пандемиядан бери 54 588 киши коронавируска кабылды.

COVID: Бишкектин ооруканаларында канча бош орун бар? Тизме

Ал эми COVID-19дан сакайып чыккандар (пневмонияны эсепке алганда) төмөнкүдөй:

  • Бишкек — 25;
  • Ош шаары — 49;
  • Чүй облусу — 25;
  • Ош облусу — 101;
  • Нарын облусу — 5;
  • Ысык-Көл облусу — 10;
  • Жалал-Абад облусу — 61;
  • Баткен облусу — 48.

Жалпысынан коронавирустан айыккан кыргызстандыктардын саны 47 050гө жетти.

Учурда стационарда 3 139 бейтап дарыланууда, ал эми 2 719 киши амбулатордук түрдө жардам алып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0