Садыр Жапаровдун тарапташтары Өкмөт үйүнүн алдынан тарай баштады

© Sputnik / Бакыт СмаиловӨкмөт үйүндөгү митинг
Өкмөт үйүндөгү митинг - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саясатчынын тарапташтары Өкмөт үйүнүн алдына эртең менентен тарта чогула баштаган. Кечке жуук алар бир катар саясий күчтөр топтолгон "Ала-Тоо" аянтына келишкен.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Өзүн легимитивдүү өкмөт башчы деп атаган Садыр Жапаровдун Өкмөт үйүнүн алдына чогулган тарапташтары тарай баштады.

Жапаровдун тарапташтары Өкмөт үйүнүн алдына эртең менентен тарта чогула баштаган. Ал эми кечке жуук алар бир катар саясий күчтөр топтолгон "Ала-Тоо" аянтына келип алышкан. Биринчи тарап Садыр Жапаровдун колдоочуларын сүрүп чыгарууга аракет кылып, кийин эки жактан тең таш ыргытылып, ызы-чуу башталган.

Ооруканадагы Тилек Токтогазиев менен жан сакчынын абалы айтылды

Кагылышуунун кесепетинен беш киши жаракат алды. Алардын арасында башынан жаракат алган "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү Тилек Токтогазиев менен саясатчы Темир Сариевдин жан сакчысы дагы бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0