03:41 24 Жетинин айы 2020
Түз эфир
  • USD84.7968
  • EUR100.7047
  • RUB1.1193
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Парламенттик шайлоодон кийинки окуялар (466)
761 0 0

Буга чейин акимдин кабинетин басып алган Руслан Маматов кайра кеткени белгилүү болду. Учурда райондогу өзүн-өзү башкаруу органдары, мекеме-ишканалар штаттык режимде иштеп жатат.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Учурда Кара-Суу районунун акиминин милдетин анын биринчи орун басары Капар Адиев аткарып жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстандын кабарчысы билдирди.

Ал райондук администрацияга барганда буга чейин акимдин кабинетин басып алган Руслан Маматов кайра кеткени белгилүү болду.

"24-сентябрдан тарта аким эмгек өргүүгө чыккан. Ошондон бери анын милдетин мен аткарып жатам. 6-октябрь күнү белгисиз адамдар келип, элдик дайындоо деп Руслан деген жигит акимдин кабинетинде отурду. Ал "премьер-министрден буйрук келет, мен ушул районду жетектейм" деп жаткан, бирок алардын отурушу мыйзамсыз эле. Буйрук жок болгондуктан кечээ түштөн кийин кайра кетишти", — деди Адиев.

Кара-Сууда эл Тилек Матраимовдун кабинетин басып алган видео тарады

Ошондой эле ал учурда райондогу өзүн-өзү башкаруу органдары, мекеме-ишканалар штаттык режимде иштеп жатканын кошумчалады.

Ал эми Тилек Матраимов расмий түрдө кызматтан алына электигин, ден соолугуна байланыштуу дарылануу үчүн эмгек өргүүгө кеткенин белгиледи. Ал эмнеге Өзбекстанга мыйзамсыз түрдө кирүүгө аракет кылганынын себебин билбей турганын айтты.

Эске салсак, Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов жана анын эки жакын адамы кыргыз-өзбек чек арасынан өзбек чек арачылары тарабынан 6-октябрда кармалган. https://sputnik.kg/incidents/20201007/1049938778/tilek-matraimov-karmaldy.html Коңшу өлкө аларды бүгүн, 9-октябрда, Кыргызстанга өткөрүп берген. Учурда УКМК убактылуу кармоочу жайында кармалууда.

Тема:
Парламенттик шайлоодон кийинки окуялар (466)

Тема боюнча

Бабановдун тарапташтары "Форумдагы" митингге кошулду
Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Бабанов "Форумдун" алдына элге чыкты
Белгилер:
башкаруу, Кара-Суу району, аким, Тилек Матраимов

ЭҢ МААНИЛҮҮ