Тилек Токтогазиев: акыркы үч күн мен үчүн азаптуу болду

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Ата-Мекен" партиясынын мүчөсү Тилек Токтогазиев. Архив
Ата-Мекен партиясынын мүчөсү Тилек Токтогазиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ата Мекен" партиясынын мүчөсү Тилек Токтогазиев анын социалдык тармактардагы баракчаларынын бардыгы коркутуп-үркүтүүлөргө толуп калганын билдирди.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Буга чейин премьер-министрликке талапкерлигин койгон, "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү Тилек Токтогазиев ага карата коркутуулар болгонун билдирди.

"Акыркы үч күндүн ичинде менин соцтармактагы баракчаларымдын бардыгы коркутуп-үркүтүүлөргө толуп калды. Алар мени өлтүрүп коёбуз деп жазышты. Буга байланыштуу күзөтчү алууга туура келип жатат. Акыркы үч күн мен үчүн азаптуу болду", — деди Токтогазиев.

Ал мындай жол менен саясатчылар эч качан бирдиктүү пикирге келе албастыгын белгиледи. Ошондой эле Садыр Жапаровдун тарапташтарын мыйзамдуу талаага чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0