БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Бир сутка ичинде өлкө боюнча 28 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдиришти.
Алар кайсы аймактарда иштейт:
- Бишкек шаарында – 8;
- Ош шаарында – 4;
- Ош облусунда – 5;
- Жалал-Абад облусунда – 2;
- Баткен облусунда – 9.
Ал эми бир суткада ооруканалардан эки, үй карантининен алты медик сакайып чыкты.
Кыргызстанда бир суткада 215 кишиден коронавирус табылды
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлеринин арасында 3 294 учур катталды, алардын ичинен 3 029 медкызматкер айыкты.