Машинаны саткандан кийин айып кагазы келе берсе эмне кылуу керек? ЖКККББ жообу

Жазылуу
Автоунааңызды ишеним кат менен саттыңыз. Бирок анын айып кагаздары сизге келип жатса кимге кайрылып, эмне кылыш керек? Sputnik Кыргызстан агенттиги маселенин чоо-жайына токтолду.

Автоунааларын бир кезде ишеним кат менен саткан адамдар машинасынын азыркы ээсин издеген учур көп катталат. Соцтармакта мындай билдирүүлөрдү байма-бай окуп турабыз. Айрыкча мындай маалыматтар "Коопсуз шаар" долбоору ишке ашкандан бери көп байкалууда.

Бул учурда унааны сатып алган кишини кантип табыш керек? "Жол эрежеси" тууралуу рубриканын алкагында дал ушул суроого жооп алып, машинасын саткан айдоочуга айып пул кагаздары келе берсе эмне боло турганын билдик.

Автоунаамды саткам, бирок айып пулдун кагазы мага келүүдө. Эмне кылышым керек?

Автоунааңызды сатып алган адам ишеним катта көрсөтүлгөн мөөнөттө аны өзүнө кайра каттатып алган эмес. Ошондуктан сиз автоунаанын ээси болуп кала бересиз да айып пул кагазын мыйзам боюнча сиз төлөшүңүз керек болуп калат.

Эгер айып пул кагазы келип, аны төлөбөй жүрүп алсаңыз унаанын мурдагы ээси, башкача айтканда, сиз Эреже бузуулар кодексинин 306-беренеси боюнча жоопкерчиликке тартыласыз.

Автоунааны сатып алган адамды кантип тапса болот?

Мамлекеттик каттоо кызматынын "Сени издейм" деген атайын порталы бар. Бул учурда эң биринчи ошол порталдын кызматын колдонсо болот. Ал — автосүйүүчүлөр бири-бирин издеп табуу үчүн ачылган сайт. Айдоочулар бул жакка автоунаанын азыркы ээсин же ишеним кат менен машинаны башкарып жүргөн адамды издеп жатканы боюнча билдирме калтырса болот. Азыр аталган сайтта алты миңдей жарыя илинип турат.

Эгер сиз аталган порталдан керектүү жарыяны таба албасаңыз, анда айып кагаз келгенден кийин 10 күндүн ичинде кайгуул милициясына кайрылып, кырдаалды түшүндүрүшүңүз керек.

ЖКККББ маалымат кызматынын жетекчиси Тилек Исаевдин айтымында, укук коргоо органдары автоунааны таап берет. Бирок айып пулду төлөө мөөнөтү өтүп кетпесе, унааны айып короого токтотууга укугу жок.

"Машинанын мурдагы ээсинин арызынын негизинде жана айып пул төлөнбөй убактысы өтүп кеткендиги үчүн милиция табылган автокөлүктү айып короого токтотууга укуктуу. Автоунаа табылган соң аны саткан кишиге бул тууралуу милиция кабарлап коёт. Андан соң эки тарап сүйлөшүп, документтерин такташып алышат. Эгер сот машинаны камакка коюп койсо, соттун чечими чыккычакты автоунаа айып короодо токтоп турат", — деди Исаев.

Ал сот автоунааны саткан адамга, башкача айтканда, мурдагы ээсине берип кое ала турганын белгиледи. Анткени машина ага катталган. Ушул эле жылы ЖКККББга автоунаа сатып алган азыркы ээсин издеп 15 миң адам кайрылганы маалым болду.

Жол эрежесин бузуп камерага түшүп, айып төлөбөй жүргөндөргө көрүлчү чаралар

Сатып алган автоунааны өзүнө каттаптай жүрө берүү мыйзам бузуу болуп эсептелеби?

Мыйзам бузуу болуп эсептелбейт. Анткени адам ар кандай кырдаалдан улам аны өзүнө каттатып, документин бүтүрө албай калышы ыктымал.

ЖКККББ маалымат кызматынын жетекчиси Тилек Исаев мындай учурларга кабылып, убара тартып калбаш үчүн автоунааны сатып алары менен адам өзүнө каттатып алышы керектигин белгиледи. Ошондой эле аны саткан адам да бул нерсени талап кылуусу шарт.

Жаңылыктар түрмөгү
0