3D китебинин автору: оюн түрүндөгү "Ойнобук" баланын акылын өстүрөт

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Ойнобук" китебинин автору Айзада Тыныбекова
Ойнобук китебинин автору Айзада Тыныбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Балдарга жакшы таалим-тарбия берип, туура багыт көрсөтүү менен аң-сезимин өстүрүп, билимин кеңейтүү боюнча ар бир ата-эне изденет. Кыргызстандык айым, үч баланын апасы Айзада Тыныбекова да балдарга арналган 3D өңдөнгөн өзгөчө китебин чыгарды.

Автордун айтымында, мектеп жашына чейинки бөбөктөрдүн дүйнө таанымын өстүрүүгө бул китептин пайдасы зор. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы "Ойнобук" китебинин автору Айзада Тыныбекова менен китептин маани-мазмуну, чыгарылышы тууралуу маек даярдаган.

© Sputnik / Табылды КадырбековАйзада Тыныбекова: "Ойнобук" негизинен оюн түрүндө түзүлгөндүктөн балдар алып, ичиндеги сүрөттөргө кнопка менен бекиген заттарды алып-тагып, кармалап үйрөнүшөт.
3D китебинин автору: оюн түрүндөгү Ойнобук баланын акылын өстүрөт - Sputnik Кыргызстан
Айзада Тыныбекова: "Ойнобук" негизинен оюн түрүндө түзүлгөндүктөн балдар алып, ичиндеги сүрөттөргө кнопка менен бекиген заттарды алып-тагып, кармалап үйрөнүшөт.

— Бул китепти чыгаруу идеясы кайдан келди?

— Мен негизи балдарды карап үйдө эле отурчумун. Ошол мезгилдерде баланы өнүктүрүүчү китептерди көп издедим. Анан 2009-жылы балдар үчүн оюн түрүндө түзүлгөн, кармалап, өзү кураштырууга мүмкүн болгон бир нерсени таанып-билүүгө ылайык китеп чыгаруу тууралуу ой келген. Интернеттен ушуга окшош форматтагы чет элдик китептерди көрүп чыктым. Бирок бул китептин ички мазмуну, толук максаты тууралуу идея улуу кызым "апа, кыргыздардын тоголок, тегерек үйү эмне деп аталат?" деп боз үйдү сураганда пайда болду. Ошондон тартып балдарыбызга улуттук баалуулуктар, үрп-адат тууралуу үйрөтүшүбүз керек экен деген ой менен башка материалдарды караштырып, изденип баштадым. Негизинен азыр кичинекей балдарга арналган китептердин көбүнүн салмагы оор, тексти узак жана бир-эки эле сүрөтү бар. Алар кичинекей наристелерге кызыксыз, бир аз ыңгайсыздыгы бар экен. "Ойнобук" негизинен оюн түрүндө түзүлгөндүктөн балдар алып, ичиндеги сүрөттөргө кнопка менен бекиген заттарды алып-тагып, кармалап үйрөнүшөт.

— Идеяны кантип ишке ашыра алдыңыз?

— 2019-жылы бир долбоорго катышып калдым. Мага насаатчы-ментор болгон Гүлсана Абдыгулова көп түрткү берди. Ал кишинин жол көрсөтүүсү менен акырындан ишти баштадым. Ага чейин "балдар менен үйдөн чыга албайм, акчам жок" деген программа менен отура бериптирмин. Менторум мага адам өзүнө чек койбошу керектигин айтып, иштин көзүн көрсөтүп дем-күч берип турду. Алгач китебиме кетүүчү материалдарды аныктап, базардан бааларын билип, материалдык жагын эсептеп, идеямды толуктап бышырып отурдум. Андан кийин кудай жолумду ачтыбы, айтор, мен үчүн улам бир мүмкүнчүлүк чыга баштады. Ошентип Creativ Spark деген Британия консулдугунун долбооруна катышып, ичиндеги конкурстарга билдирүү таштап, акырындан бизнес тууралуу билим ала баштадым. Алардын берген тапшырмаларынын негизинде идеяны ишке ашыруу, ишкердик тууралуу бир топ тажрыйбага ээ болдум. Ошол долбоордун ичинде жүрүп эле "Ойнобуктун" биринчи үлгүсү тигилген. Алгач А4 форматында абдан чоң болуп чыккан.

© Sputnik / Табылды КадырбековТыныбекова: Алгачкы китебим менен аталган долбоордун сынак баскычтарынан 1-орунду алып, Лондонго жолдомо алганбыз. Ал жакка жолдошум экөөбүз тең барып атайын программа менен окудук, бир топ сынактарга катыштык. Акырында бул идеяны ишке ашыруу үчүн байге иретинде үч миң фунт стерлинг бөлүп беришкен.
3D китебинин автору: оюн түрүндөгү Ойнобук баланын акылын өстүрөт - Sputnik Кыргызстан
Тыныбекова: Алгачкы китебим менен аталган долбоордун сынак баскычтарынан 1-орунду алып, Лондонго жолдомо алганбыз. Ал жакка жолдошум экөөбүз тең барып атайын программа менен окудук, бир топ сынактарга катыштык. Акырында бул идеяны ишке ашыруу үчүн байге иретинде үч миң фунт стерлинг бөлүп беришкен.

Баланы китепке кантип кызыктыруу керек. Култаеванын балдар адабияты тууралуу маеги

— Китептин аркасы менен Лондонго да барыпсыздар...

— Ооба, барып жемиштүү кайттык. Алгачкы китебим менен аталган долбоордун сынак баскычтарынан 1-орунду алып, Лондонго жолдомо алганбыз. Ал жакка жолдошум экөөбүз тең барып атайын программа менен окудук, бир топ сынактарга катыштык. Акырында бул идеяны ишке ашыруу үчүн байге иретинде үч миң фунт стерлинг бөлүп беришкен.

© Sputnik / Табылды КадырбековАвтор: Эми чыга турган Бишкектин картасы тууралуу китеп пазл түрүндө болуп, анда бала китептин ичин машина менен айланып, курчап турган айлана-чөйрө менен таанышып, кенен маалымат алат.
3D китебинин автору: оюн түрүндөгү Ойнобук баланын акылын өстүрөт - Sputnik Кыргызстан
Автор: Эми чыга турган Бишкектин картасы тууралуу китеп пазл түрүндө болуп, анда бала китептин ичин машина менен айланып, курчап турган айлана-чөйрө менен таанышып, кенен маалымат алат.

— Эмне себептен "Ойнобук" деп аталып калды?

— Бул китепте балдар баарын оюн аркылуу окуп-тааныйт. Ал эми "бук" (англисчеден которгондо "китеп" — ред.) деп атообуздун себеби эл аралык деңгээлге жетип калсак деген тилек бар.

Улуттук баалуулуктар, геометриялык фигуралар, Бишкектин картасы жана башка теманы камтып, бул китепти түрдүү тематикада чыгаруу планыбыз бар. Эми чыга турган Бишкектин картасы тууралуу китеп пазл түрүндө болуп, анда бала китептин ичин машина менен айланып, курчап турган айлана-чөйрө менен таанышып, кенен маалымат алат. Ошол эле учурда шаарда багыттама алууга үйрөнөт. Китепте латын алфавити менен кириллица, төрт мезгил, жаныбарлар тууралуу да камтылган. Каражат жагы чечилсе эле идеялар бар.

— Китепти жасоого канча убакыт кетет?

— Лондондогу сынакта алган каражат менен керектүү материалдарды сатып алып, дизайнерлерге китептин жаңы форматын жана сүрөтүн жасаттык. Баары даяр болгондо тиге турган адамдарды издей баштадым. Бишкекте Kurdash Workshop деген онкологиялык оорулар менен жабыркаган эжелердин чеберканасы бар. Алгач ошол эжелер мага байланышка чыгып, менин китебимди жасагысы келерин айтышкан. Тез эле жол-жобосун сүйлөшүп алдык. Алар негизинен дары-дармегине бир аз тыйын табуу менен оорудан алаксып, бири-бири менен баарлашуу максатында ушундай буюртмаларды алып иштешет.

Ал эми китепти жасоо ишинде көлөмүнө, тематикасына жараша убакыт сарпталат. Бул абдан майда жумуш болгондуктан колду аябай кармайт.

Кундуз Аманова: балдардын тилин табуу үчүн түрдүү ыкма колдонобуз

© Sputnik / Табылды КадырбековАйзада Тыныбекова: Негизги максат — балдарга өзүнүн эл-жерин таанытуу, улуттук маданиятты үйрөтүү. Бала оюн түрүндөгү китеп менен ойноп жатып да керектүү маалыматка ээ болот. Андагы маалыматтын 10-15 пайызы эсинде сакталып калса да биз үчүн пайда.
3D китебинин автору: оюн түрүндөгү Ойнобук баланын акылын өстүрөт - Sputnik Кыргызстан
Айзада Тыныбекова: Негизги максат — балдарга өзүнүн эл-жерин таанытуу, улуттук маданиятты үйрөтүү. Бала оюн түрүндөгү китеп менен ойноп жатып да керектүү маалыматка ээ болот. Андагы маалыматтын 10-15 пайызы эсинде сакталып калса да биз үчүн пайда.

— Китебиңиздин конкреттүү максаты кандай?

— Негизги максат — балдарга өзүнүн эл-жерин таанытуу, улуттук маданиятты үйрөтүү. Бала оюн түрүндөгү китеп менен ойноп жатып да керектүү маалыматка ээ болот. Андагы маалыматтын 10-15 пайызы эсинде сакталып калса да биз үчүн пайда. Чет өлкөлөрдө улуттук баалуулуктарды сактап калуу үчүн мектепте, бала бакчада атайын сабактар өтүлөт экен. Буга программалар бар. Бизде андай атайын сабак жок. Негизи балдар заман агымында өнүккөнү менен ата-бабасынын каада-салтын, улуттук үрп-адатын, маданий баалуулуктарын билиши керек.

— Канча жаштагы балдарга арналган?

— "Ойнобук" негизинен мектепке чейинки балдар үчүн даярдалган. Китептеги ар кандай фигураларды алып, орду-ордуна жайгаштыруу көбүнчө 1,5-2 жаштагы балдарга ылайык. Ал эми геометриялык фигуралар боюнча китеп мектепке чейинки үч-төрт жаштагы балдарга арналат. Улуттук баалуулуктар тематикасы камтылган чыгарылышына 12 жаштагы балдар деле кызыгып, ата-энесинен сурап жатканын байкадым. Япониялык ишкер Масару Ибуканын "Үч жаштан кийин кеч" деген китеби бар. Анда үч жашка чейинки балдардын мээсиндеги нейрондордун байланышы абдан ылдамдык менен өрчүп, өз ара байланыш (связка) тыгыз түзүлөрүн айтат. Баланын мээсиндеги мындай калыптануу өмүр бою эч өзгөрүүсүз пайдубал катарында калат экен. Ал байланыш канчалык тыгыз болсо, адам ошончолук акылдуу, ой жүгүртүү логикасы күчтүү болот деген пикирди билдирген. Биз тескерисинче үч жашка чейинки балдарды "али кичинекей, эч нерсени түшүнбөйт" деп көңүл бурбайбыз. Баланын жашына карабай мүмкүнчүлүккө жараша баарын үйрөтө берүү керек экен. Адам баласы үч жашка чейин деле тил үйрөнүп, пианинодо ойногонду өздөштүрүшү мүмкүн. Манжалардагы майда моторика мээнин өсүшүнө абдан чоң таасир тийгизет. Андан улам баланын башында суроолор көп болуп, кызыгуу пайда болот. Ошого түрткү болуу үчүн жасалган китеп. Ошондой эле балдарга зыяны жок кийизден жасалып, нукура боёктор менен боёлгон.

© Sputnik / Табылды КадырбековТыныбекова: Сатып алгандар жылуу пикирин билдирип жатышат. Азырынча нааразы болгон ата-энелер болгон жок.
3D китебинин автору: оюн түрүндөгү Ойнобук баланын акылын өстүрөт - Sputnik Кыргызстан
Тыныбекова: Сатып алгандар жылуу пикирин билдирип жатышат. Азырынча нааразы болгон ата-энелер болгон жок.

— Баасы канча?

— Кичинекей китеп 600 сомдон, ал эми чоңу 2500 сомдон сатылууда.

— Ата-энелер кандай кабыл алышты?

— Абдан жакшы кабыл алышты. Сатып алгандар жылуу пикирин билдирип жатышат. Азырынча нааразы болгон ата-энелер болгон жок. Бул китеп сублимациялык жол менен басып чыгарылгандыктан, аны кир жууган автомат машинага салып жууп койсо болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0