20:21 20 Тогуздун айы 2020
Түз эфир
  • USD81.2050
  • EUR95.6676
  • RUB1.0441
Коом
Кыскача шилтеме алуу
121 0 0

Кыргызстандын быйылкы жылга карата мүчөлүк акысын төлөө Финансы министрлиги менен пландаштырылууда.

БИШКЕК, 25-сент. — Sputnik. Акыркы беш жылда Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун алдында мүчөлүк акысын биринчилерден төлөгөн мамлекеттердин катарына киргендигин Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда БУУнун алдында Кыргызстандын мүчөлүк карызы жок.

Өлкөнүн быйылкы жылга карата мүчөлүк акысын жакын арада төлөө Финансы министрлиги менен пландаштырылууда.

"Азыркы учурда ушул жаатта Бириккен Улуттар Уюму менен орчундуу көйгөйлөр жок. Кыргызстан БУУда добуш берүү укугуна ээ жана анын иш-чараларында толук кандуу катышып келет. Акыркы беш жылда Кыргызстан мүчөлүк салымды биринчилерден болуп төккөн мамлекеттердин катарына кирген. Быйыл дүйнөдөгү абалга байланыштуу БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75-сессиясы виртуалдык форматта өтүп, ага кыргыз тарап да катышууда", — деп жазылат билдирүүдө.

Аталган уюмга мүчөлүк акы БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан бекитилген шкалага жараша төлөнөт.

Жээнбеков БУУнун Башкы Ассамблеясынын сессиясында сүйлөдү. Эмне тууралуу сөз болду

Эске салсак, 2015-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы Кыргызстанды кошкондо жети өлкөнү мүчөлүк акы төлөбөгөндүгү үчүн добуш берүү укугунан ажыраткан болчу. Каржы министрлиги өлкөнүн карызын ошол эле жылдын 31-январында толугу менен төлөгөн.

Тема боюнча

БУУнун Коопсуздук кеңешин кеңейтүү... Тынчтыкты сактоо үчүн эмнесин калтыруу зарыл?
Жоомарт сунушка рахмат! БУУ Путинге вакцина боюнча ыраазылык билдирди

ЭҢ МААНИЛҮҮ