Адис көп жолу колдончу бет кап тандоодо этият болуу керек экенин эскертти

CC0 / Pixabay / Alexas_FotosИспользование медицинской маски
Использование медицинской маски - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистин айтымында, көп жолу кие турчу бет капты сатып алардын алдында анын медициналык максатта колдонууга болот деген күбөлүгү менен сертификатын караш керек.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Россиядагы керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана адамдын бакубатчылыгы боюнча федералдык кызматы (Роспотребнадзор) текшерилбеген кездемеден тигилген көп жолу колдонуучу бет каптарды тагынбоого чакырды. Бул тууралуу "Известия" басылмасы Эпидемиология боюнча борбордук илим-изилдөө институтунун клиникалык иликтөө бөлүмүнүн башчысы Татьяна Руженцованын айтымына таянып кабарлады.

Адис көп жолу кие турчу бет капты сатып алардын алдында анын медициналык максатта колдонууга болот деген күбөлүгү менен сертификатын караш керектигин эскертти.

"Көп жолу кие турган бет каптар боюнча суроо арбын. Эгер текшерилбеген кездемеден тигилсе, андан майда нерселер, вирустар деле өтө берет. Бул учурда мындай бет каптын пайдасы жок", — деди адис.

Руженцова белгилегендей, бет капсыз дарыгерлер, аны тагынып жүргөн бейтаптарды кабыл алганда ооруну бат жуктуруп алат.

Марганцовка, картошканын буусу... Адис булардын кандай учурда зыян келтирерин айтты

"Бет капты бейтаптар менен байланышта болгондор да, ооруп жаткандар да инфекциянын тарап кетпешин алдын алуу үчүн сөзсүз тагынуусу зарыл", — деди адис.

Адис бет капты астма оорусу барлар деле кийсе болорун айтып, анын эч кандай коркунучу жок экенин кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0