Чөнтөккө да күч келбейт, ден соолукка да пайдалуу. Диетолог 7 азыкты санады

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүГипермаркет "Карусель" в Московской области
Гипермаркет Карусель в Московской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тизмедеги пайдалуу азыктардын бири жумурткада адамга керектүү делген мультивитаминдер, минералдар, пайдалуу май жана антиоксиданттар камтылган.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Диетолог Кристина Андерссон анча кымбат эмес жана ден соолукка пайдалуу жети азык-түлүктү санап бергенин РИА Новости Svenska Dagbladet басылмасына шилтеме берип жазды.

Дарыгер күнүмдүк тамакка пиязды колдонууну улантуу керектигин белгилеген. Анын курамында витаминдер, пайдалуу заттар бар, ошондой эле бактерициддик натыйжага ээ. Бөтөнчө кызыл пияз антиоксиданттарга бай.

Адистин айтымында, капустада организмди рактан сактай турган заттар камтылган. Ашказан оорусунан жапа чеккен адамдар бул азыкты чийки эмес, бышырылганын жеши керек.

Ал эми картошканы диета кармагандар дагы жесе болот, себеби анын аз эле өлчөмү организмге керектүү калорияны берет.

Адис: банан нерв системасын бекемдөөгө жардам берет

Ошондой эле жерден казылып алынган жашылчалардын ичинен сабиз, пастернак жана кызылчанын ар кандай түрү углевод менен өсүмдүк талчасына бай.

Мындан тышкары, сулунун курамындагы бета-глюкан деп аталган пайдалуу талча кандагы кант менен холестериндин деңгээлине оң таасирин тийгизет.

Буурчак, нокот, жасмык сыяктуу өсүмдүктөрдө белок менен минералдык заттар көп. Андерссон кошумчалагандай, консерваланган төө буурчак азыктык баалуулугун жоготпойт, бирок баасы бир аз кымбат турат.

Ошондой эле жумуртка адамга керектүү делген мультивитаминдерди, минералдарды, пайдалуу майды жана антиоксиданттарды камтыйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0