БШК: көпчүлүк “баарына каршы” добуш берсе да ушул партиялар кайра шайлоого катышат

© Sputnik / Табылды КадырбековВыборы президента Кыргызстана
Выборы президента Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соңку убакта социалдык тармактарда азыркы партиялардын парламентке келишине бөгөт коюу максатында баарына каршы добуш берүүнү активдүү үгүттөгөндөр болууда.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Эгер парламенттик шайлоодо “баарына каршы” графасына добуш бергендер көп болуп чыга турган болсо кайрадан ушул эле партиялар, азыркы тизмедеги талапкерлери менен шайлоого катышат алат. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Осмоналиев билдирди.

Белгилей кетсек, мыйзам боюнча бир дагы партия жети пайыздык босогодон жогорку добуш ала албаса жана “баарына каршы” графасы биринчи сапка чыкса, кайрадан шайлоо өткөрүлөт.

Шайлоочу кимге добуш бергенин партиялар текшере алабы? БШКнын жообу

Соңку убакта социалдык тармактарда баарына каршы добуш берүүгө активдүү үгүттөгөндөр болууда. Алар эгер “баарына каршы” графасы биринчи орунга чыкса, кайра шайлоо өтүп азыркы партиялар ага катыша албай турганын айтып келишкен.

“Азыркы жана башка партиялар кайрадан катышууга укуктуу болот. Ошондой эле талапкерлердин тизмесин да өзгөртө алышат. Кайра шайлоо өткөрүү дайындалганда катышууну каалаган бардык партиялар арыз жазып, кайра башынан БШКдан каттоодон өтөт”, — деди Осмоналиев.

Ошондой эле ал “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Конституциялык мыйзамдын 38-беренесинде партияларга тиешелүү эреже жазылганын белгиледи.
Ага ылайык, кайра шайлоо өткөрүлгөн учурда иш-аракеттери шайлоону жараксыз деп таануу үчүн негиз болгон талапкерлер кайрадан шайлануучу укугуна ээ боло албайт.

Шайлоодо ат салышчу партиялардын талапкерлери. Толук тизме

Эгерде мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, шайлоо комиссиясынын кызматкерлеринин чечимдери шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тааныса, биринчи турдагы шайлоого катышкан партиялардын баары жана башкалары катыша алат.

Учурда Жогорку Кеңештин депутаты мандатын алууга 16 партия ат салышууда. Шайлоо 4-октябрга дайындалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0