18:20 20 Тогуздун айы 2020
Түз эфир
  • USD81.2050
  • EUR95.6676
  • RUB1.0441
Коом
Кыскача шилтеме алуу
48 0 0

Кыргыз билим берүү академиясынын кызматкерлери жаңы усулдары, окуучуларга аралыктан окутууну үйрөтүүдө актуалдуу болгон көптөгөн темалар боюнча тажрыйбасы менен бөлүшөт.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Кыргыз билим берүү академиясынын (КББА) кызматкерлери республиканын орто мектептеринин мугалимдерине усулдук колдоо көрсөтүү максатында вебинарлар сериясын баштады. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

КББАнын вице-президенти Уланбек Мамбетакуновдун айтымында, академиянын кызматкерлери тажрыйбасы менен бөлүшөт.

Онлайн окутуу билим алууга доо кетирип жатат. Мугалимдин маеги

"Вебинарда окутуунун жаңы ыкмалары, мектеп предметтерин окутуудагы саамалыктар, предметтик стандарттардын негизги талаптары менен таанышуу, компетенттүүлүккө негизделген ыкманы ишке ашыруу жана окуучуларга аралыктан окутууну үйрөтүүдө актуалдуу болгон көптөгөн темалар боюнча вебинарларды өткөрүүдө", — деди Мамбетакунов.

Вебинарлардын убакыт-сааты, темасы жана спикер:

10-сентябрь, 14:00

Тема: "Манас таануу" курсун окутууда электрондук окуу материалдарын колдонуу
Спикерлер: Байгазиев С.О., Мурзалиева З.К.
Вебинарга катышуу шилтемеси: https://us02web.zoom.us/j/81626473771

10-сентябрь, 15:00

Тема: Санарип мугалимди методикалык жактан колдоо
Спикер: Аттокурова Ч.А
Вебинарга катышуу шилтемеси: https://us02web.zoom.us/j/83476318089

11-сентябрь, 14:00

Тема: Методикадагы жаңылыктар (көркөм өнөр, технология)

Спикер: Акматов Д.

Вебинарга катышуу шилтемеси: https://us02web.zoom.us/j/89871329467

11-сентябрь, 15:00

Тема: Физика предметинде дистанттык окутуунун көйгөйлөрү жана аны чечүүнүн жолдору боюнча мугалимдерге методикалык сунуштар
Спикер: Мурзаибраимов Б.Б.
Вебинарга катышуу шилтемеси: https://us02web.zoom.us/j/86896099257

14-сентябрь, 14:00

Тема: Биология предметинде дистанттык окутуунун көйгөйлөрү жана аны чечүүнүн жолдору боюнча мугалимдерге методикалык сунуштар
Спикерлер: Сатыбекова М., Момункулова Ж., Дооронова Ф.
Вебинарга катышуу шилтемеси: https://us02web.zoom.us/j/83661793902

14-сентябрь, 15:00

Тема: Химия предметинде дистанттык окутуунун көйгөйлөрү жана аны чечүүнүн жолдору боюнча мугалимдерге методикалык сунуштар
Спикер: Рысбаев Б.С., Алишеров Б.
Вебинарга катышуу шилтемеси: https://us02web.zoom.us/j/87946966356

15-сентябрь, 14:00

Тема: Билим берүүдөгү компетенттүүлүк ыкма
Спикер: Добаев К.Д., Жумабаев Г.
Вебинарга катышуу шилтемеси: https://us02web.zoom.us/j/85040498011

Тема боюнча

Онлайн окутуу билим алууга доо кетирип жатат. Мугалимдин маеги
Балдарды үйүндө окуткан баткендик мугалимге белек берилет. Сүрөттүн чоо-жайы
Zoom аркылуу лекция окуп жаткан мугалим каза болду. Аргентинадагы окуя
Белгилер:
онлайн окутуу, билим берүү, вебинар

ЭҢ МААНИЛҮҮ