Өткөн суткада дагы үч медик COVID жуктуруп алса, 14ү сакайып чыкты

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүМедициналык кызматкер. Архив
Медициналык кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпысынан республика боюнча COVID диагнозу менен медицина кызматкерлеринин арасында 3 152 учур катталган.

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Бир сутка ичинде өлкө боюнча үч медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

"Алардын бири Ош облусунда, экинчиси Жалал-Абад облусунда, үчүнчүсү Ысык-Көлдө иштейт", - деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми бир суткада ооруканада жаткан беш, үй карантининде болгон 9 ак халатчан айыкты.

Боронов: дарыгерлерди экинчи толкунга чейин эс алдырып алышыбыз керек

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлеринин арасында 3 152 учур катталды, алардын ичинен 2 564 медкызматкер айыгып чыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0