БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Транспорт жана жолдор министрлиги донорлору такталган жана изделип жаткан долбоорлорду тизмектеди. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.
Каржылоо булагы аныкталган долбоорлор:
- Балбай баатыр — Каракол участкасынын курулуш долбоору;
- Корумду — Балбай баатыр участкасынын курулуш долбоору.
Донорлор изделип жаткан долбоорлор:
- Арал — Суусамыр участкасынын курулуш долбоору;
- Бишкек шаарынын түндүк айланма жолу;
- Тараз — Талас — Суусамыр унаа жолунун 105-198 чакырымы.
Министрдин орун басары Талант Солтобаев коронавирус пандемиясы инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга терс таасирин тийгизгенин билдирген.