Өзбекстанда Кытайдын элдик медицина боюнча университетинин филиалы ачылат

© AFP / STRКытайдын элдик медицина кызматкери. Архив
Кытайдын элдик медицина кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзбекстанда 2020-жылдын 1-майынан тарта бардык мамлекеттик медициналык мекемелерде элдик медицина кабинеттери ачылган.

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Өзбекстанда Кытайдын элдик медицина боюнча Цзянси университетинин филиалы ачылат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигине шилтеме берип Sputnik Өзбекстан жазды.

"Өзбекстанда 2020-жылдын 1-майынан тарта бардык мамлекеттик медициналык мекемелерде элдик медицина кабинеттери ачылган. Алардын негизги максаты — элдик медицинанын ооруларды алдын алуу, дарылоо боюнча таасирин аныктоо", — деп айтылат кабарда.

Өзбекстан эми атайын автоунааларды чыгара баштайт

Маалыматка караганда, Өзбекстанга COVID-19 илдетинин жайылышын токтотууга кол кабыш кылганы келген кытайлык медиктер коронавирусту дарылоодогу элдик медицинанын жардамы тууралуу дагы айтып беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0