16:20 26 Жетинин айы 2020
Түз эфир
  • USD84.7990
  • EUR101.0465
  • RUB1.1239
Коом
Кыскача шилтеме алуу
252 0 0

Мода тармагынын өкүлүнүн айтымында, жыттуу суулар гендерге карабайт, парфюмерлер аял менен эркекке атыр даярдап жатканда окшош эле заттарды колдонушат.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Атырды туура тандоонун жолдорун жана сулуулук дүйнөсүндө кызмат кылгандардын жөө жомокторун кулак сыртынан кетирүүнүн сырлары тууралуу Sputnik радиосуна парфюмер Вероника Бруховецкая айтып берген.

Анын билдиришинче, атыр тандап жатканда анын фирмасына, саркечтигине же айланадагылардын оюна карап эмес, адам өзүнө жакканын тандашы керек. Ошондой эле "канчалык кымбат болсо, ошончолук сапаттуу" деген ойдон алыс болгон оң.

"Баага байланган туура эмес. Анткени массага жеткиликтүү жерлерде деле жогорку сапаттагы ингредиенттер кошулуп жасалган атырлар болот. Баа атырдын курамынан эмес, көбүнчө брендден көз каранды болот. Маселен, Dior менен Chanel рынокко жаңы чыккан жыпар жытуу сууга караганда кымбат болушу мүмкүн. Бирок биз мурда чыгарылгандарга дагы көбүрөөк ишенмей жайыбыз бар. Башкысы, өзүңүз жыттаганда туура келгенин алыш керек", — деген Бруховецкая.

Ал кошумчалагандай, атырларды эркектики жана аялдыкы деп бөлүү — жөн гана маркетингдин ыкмасы.

"Жыттуу суулар гендерге карабайт, биз аял менен эркекке атыр даярдап жатканда окшош эле заттарды колдонобуз. Кесипкөй тармакта бөлүп караган түшүнүк жок. Ошондуктан эгерде аялдарга эркектерге деп чыгарылган атыр жакса, эч тартынбастан алып колдоно берсе болот", — деген адис.

Мындан тышкары, парфюмер атырды тандаганга чейин мурундун кабылдагычтарын жакшыртуу үчүн кофенин данын жытташ керек деген кепти четке каккан.

Дубайда баасы 1,3 млн долларды чапчыган дүйнөдөгү эң кымбат атыр жасалды

Анын айтымында, кофе рецепторлорду сергитпейт, тескерисинче, кескин жыты мээни катуу дүүлүктүрүп салат. Мурундун кабылдагычтарын жакшыртууга суу, көк чай жана таза аба гана жардам берет.

Тема боюнча

Окумуштуулар: салмак кошууга жыт дагы таасирин берет
Белгилер:
атыр, тандоо, эркек, аял, жыт

ЭҢ МААНИЛҮҮ