Жакында Кыргызстандын үч шаарга каттаган ички рейстери көбөйөт

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүУчак конгон жатат. Архив
Учак конгон жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Августтун аягында же сентябрдын башында Баткен, Жалал-Абад жана Исфана аэропортторуна учуу пландалып жатат. Алгач жумасына бир жолудан каттап, кийин саны көбөйөт.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Жакынкы күндөрү Кыргызстандын ичинде кандай ички авиакаттамдар жандана турганын Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев билдирди.

Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтүп жаткан "Кыргызстан авиациясы: каттамдарды жандандыруу, № 1 борт жана ЭБ кара тизмеси" деп аталган брифинг учурунда сөз болду.

Акышевдин айтымында, учурда эки жергиликтүү авиакомпания Бишкек — Ош — Бишкек багыты боюнча каттап жатат.

Түркия учакта кол жүк алып жүрүүнүн эрежесин өзгөрттү

"Августтун аягында же сентябрдын башында Баткен, Жалал-Абад жана Исфана аэропортторуна учуу пландалып жатат. Алгач жумасына бир жолудан каттап, кийин саны көбөйөт", — деди Акышев.

Директордун айтымында, бул каттамдарды аткара турган бардык аба кемелеринин абалы жакшы. Алар өз учурунда текшерүүлөрдөн өтүп турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0