Өткөн суткада коронавирус 8 адамдын өмүрүн алды. Жарымы Бишкекте

© AFP / MARTIN BERNETTIМедициналык кызматкер ооруканада бейтаптын палатасында. Архив
Медициналык кызматкер ооруканада бейтаптын палатасында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азыркы тапта өлкөдө ооруканалар курулуп, күз-кыш мезгилине даярдык кызуу жүрүүдө. Ошондой эле өкмөт быйыл курч мүнөздөгү респиратордук вирустуу инфекцияларга каршы бир топ көлөмдө вакцина сатып алмакчы.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Кыргызстанда өткөн суткада коронавирустан сегиз адам көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

COVID-19дан каза болгондордун жаңы учурлары, пневмонияны эсепке алганда:

  • Бишкек – 4;
  • Ысык-Көл облусу – 1;
  • Ош облусу – 1;
  • Баткен облусу – 2.

Коронавирустан Кыргызстанда март айынан бери 1468  адам каза тапты. 

Жаңылыктар түрмөгү
0