Өткөн суткада коронавирусту 653 адам жеңди

© AP Photo / Pavel GolovkinМедициналык кызматкерлер. Архив
Медициналык кызматкерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбор калаа тургундарынын саламаттыгы чыңдалып, медиктерге кайрылгандардын саны кыскаргандыктан эки күндүзгү стационар жабылды.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Кыргызстанда өткөн суткада коронавирустан 653 бейтап айыкты. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, бир суткада сакайгандардын басымдуу бөлүгү Чүй облусунда.

Бишкек — 167;
Ош шаары — 29;
Чүй облусу — 201;
Ош облусу — 77;
Талас облусу — 42;
Нарын облусу — 7;
Ысык-Көл облусу — 69;
Жалал-Абад облусу — 40;
Баткен облусу —21.

Ушуну менен өлкөдө коронавирустан айыгып чыккандардын саны 27 927 болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0