БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Кыргызстанда бир суткада коронавирустан 1 047 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Анын айтымында, айыккандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаары менен Чүй, Ысык-Көл облустарында.
- Бишкек — 389;
- Чүй облусу — 117;
- Ош облусу — 95;
- Талас облусу — 52;
- Нарын облусу — 31;
- Ысык-Көл облусу — 110;
- Жалал-Абад облусу — 92;
- Баткен облусу — 61;
- Ош шаары — 100.
Өлкөдө коронавирусту жеңип чыккандардын жалпы саны 23 343кө жетти.