Кыргызстанда коронавирус бир күндө 24 адамдын өмүрүн алды

© REUTERS / MARKO DJURICAОоруканадагы бейтап. Архив
Ооруканадагы бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүнкү статистикага ылайык, COVID-19дан үч адам жана анын кесепетинен келип чыккан пневмониядан 21 киши кайтыш болгон.

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Кыргызстанда соңку бир күндүн ичинде коронавирус жуктурган 24 адам каза болду. Бул туурасында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматов брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, COVID-19дан үч адам жана анын кесепетинен келип чыккан пневмониядан 21 киши кайтыш болгон.

  • Бишкек – 6;
  • Ош шаары - 1;
  • Чүй облусу – 1;
  • Ош облусу – 1;
  • Нарын облусу – 1;
  • Талас облусу – 3;
  • Ысык-Көл облусу – 4;
  • Жалал-Абад облусу – 6;
  • Баткен облусу – 1.

COVID-19дан өлгөндөрдөн акча жасап... Ошто моргдун үч кызматкерине иш козголду

Ушуну менен марттан бери коронавирус жуктуруп каза тапкандардын саны 1 301ге жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0