БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстан боюнча коронавирустан 817 киши айыкты. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Бир суткада коронавирустан сакайгандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаары менен Жалал-Абад облусунда.
- Бишкек — 445;
- Чүй облусу — 66;
- Ош облусу — 37;
- Талас облусу — 7;
- Нарын облусу — 1;
- Ысык-Көл облусу — 7;
- Жалал-Абад облусу —105;
- Баткен облусу — 59;
- Ош шаары — 90.
Ушуну менен өлкөдө коронавирусту 21 205 адам жеңди.