БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Кыргызстанда соңку бир күндүн ичинде коронавирустан 1 247 адам айыкты. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.
Айыгып чыккандардын көбү Бишкек шаарында.
- Бишкек – 497;
- Чүй облусу – 164;
- Ысык-Көл облусу – 153;
- Ош шаары – 123.
- Ош облусу – 116;
- Жалал-Абад облусу – 93;
- Нарын облусу – 45;
- Талас облусу – 34;
- Баткен облусу – 22.
Бүгүнкү статистиканы кошкондо өлкө боюнча COVID-19дан айыгып чыккан адамдардын саны 18 038ге жетти.