00:02 09 Баш оона 2020
Түз эфир
  • USD77.0500
  • EUR91.1694
  • RUB1.0463
Коом
Кыскача шилтеме алуу
121 0 0

Сыйлоо аземи бүгүн, 22-июлда, болгону айтылат. Ага облустун жети районунан 25 мектеп бүтүрүүчүсү жана окуучусу катышкан.

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Бүгүн Ош облусунда мектепти "Алтын сертификат" жана "Алтын тамга" менен аяктаган окуучулар сыйланды. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

  • Полномочный представитель правительства КР в Ошской области Узарбек Жылкыбаев наградил школьников получивших высшие баллы ОРТ
    Бүгүн Ош облусунда мектепти "Алтын сертификат" жана "Алтын тамга" менен аяктаган окуучулар сыйланды
    © Фото / пресс-служба полпредства правительства в Ошской области
  • Полномочный представитель правительства КР в Ошской области Узарбек Жылкыбаев наградил школьников получивших высшие баллы ОРТ
    Облус жетекчиси Узарбек Жылкыбаев өзүнүн фондунан Алтын сертификат алган эки бүтүрүүчүгө ноутбук жана мектеп директорлоруна 10 миң сомдон тапшырган
    © Фото / пресс-служба полпредства правительства в Ошской области
  • Полномочный представитель правительства КР в Ошской области Узарбек Жылкыбаев наградил школьников получивших высшие баллы ОРТ
    Ал эми "Алтын тамга" ээлерине жана Республикалык олимпиададан биринчи орунду алган 23 окуучуга смартфон белек кылган
    © Фото / пресс-служба полпредства правительства в Ошской области
  • Полномочный представитель правительства КР в Ошской области Узарбек Жылкыбаев наградил школьников получивших высшие баллы ОРТ
    Сыйлоо аземи бүгүн, 22-июлда, болгону айтылат. Ага жети райондон 25 бала катышкан.
    © Фото / пресс-служба полпредства правительства в Ошской области
1 / 4
© Фото / пресс-служба полпредства правительства в Ошской области
Бүгүн Ош облусунда мектепти "Алтын сертификат" жана "Алтын тамга" менен аяктаган окуучулар сыйланды

Облус жетекчиси Узарбек Жылкыбаев өзүнүн фондунан Алтын сертификат алган эки бүтүрүүчүгө ноутбук жана мектеп директорлоруна 10 миң сомдон тапшырган. Ал эми "Алтын тамга" ээлерине жана Республикалык олимпиададан биринчи орунду алган 23 окуучуга смартфон белек кылган.

ЖРТдан эң көп балл алган Акмарал: "Алтын тамгага" жетпей калып катуу намыстангам

"Коңшу мамлекеттер нефть, газ же пахта менен мактанса, биздин башкы байлыгыбыз — илим-билимдүү жаштарыбыз! Силер менен мамлекетибиз келечектүү. Мыкты окуп, өлкөнүн ар тармагын өнүктүрүүгө салым кошкон уул-кыздардан болгула", — деп ийгилик каалады Жылкыбаев.

Сыйлоо аземи бүгүн, 22-июлда, болгону айтылат. Ага жети райондон 25 бала катышкан.

Белгилей кетсек, быйыл Жалпы республикалык тестирлөөдөн эң жогорку баллды Ош облусунун Алай районуна караштуу Кабылан-Көл айылынын окуучусу Акмарал Нурбек кызы алган.

Тема боюнча

Алтын сертификатка кайсы аймактын бүтүрүүчүлөрү ээ болду? Рейтинг
"Алтын тамга" аттестатын кайсы облустун бүтүрүүчүлөрү көп алды? Рейтинг
Белгилер:
Узарбек Жылкыбаев, сыйлык, бүтүрүүчү, окуучулар, Ош облусу

ЭҢ МААНИЛҮҮ