Ысык-Көлдө июлдун этеги менен августта эс алуу канча болот? Баасы жана картасы

Жазылуу
Дүйнөлүк пандемияга жана өлкөдөгү коронавирус кырдаалына байланыштуу көл кылаасындагы отелдердин ээлери бизнести улантуу үчүн бааны төмөндөтүүгө аргасыз болду.

Sputnik Кыргызстан пансионаттарда эс алуу бааларын тактап, алар жайгашкан жерлерди картада белгиледи (анын үстүңкү сол бурчундагы белгини басуу менен толук маалымат аласыз).

"Вояж" пансионаты

Баа бир кишиге суткасына эсептелди.

Июль жана август айларындагы баалар:

  • "жарым люкс" — 800 сом (10 доллар);
  • "жакшыртылган жарым люкс" — 850 сом (11 доллар).

Инфраструктура: үй-бүлөлүк типтеги пансионат.
Үч маал тамагы да кошо эсептелген.

"Кыргыз деңизи" санаторийи

Июль жана август айларындагы баалар:

  • эки кишилик "стандарт" — 2 100 сом (27 доллар);
  • эки кишилик "жарым люкс" — 5 800 сом (75 доллар);
  • эки кишилик "люкс" — 6 200 сом (80 доллар);
  • эки кишилик апартаменттер — 10 000 сом (129 доллар).

Инфраструктура: туз үңкүрлөрү, ден соолукту чыңдоочу процедура бөлмөлөрү, спорттук аянтчалар.
Үч маал тамагы да кошо эсептелген.

"Каприз" эс алуу борбору

Эки кишилик бөлмөлөрдүн акысы көрсөтүлдү.

24-августка чейинки баалар:

  • "эконом" — 4 400 сом (57 доллар);
  • "стандарт" — 5 100 сом (66 доллар).

Инфраструктура: бассейн, сауна, спортзал.
Таңкы тамак кошо берилет.

Talisman Village отели

Августтун аягына чейинки баалар:

  • эки кишилик "стандарт" — 5 145 сом (66 доллар);
  • эки кишилик "жакшыртылган стандарт" — 6 615 сом (85 доллар);
  • төрт кишилик коттедж — 11 760 сом (152 доллар).

Инфраструктура: укалоочу кабинет, бассейн, теннис аянтчасы.
Үч маал тамагы да кошо эсептелген — жайыл дасторкон.

"Три короны" отели

Июлдун аягына чейинки баалар:

  • эки кишилик "стандарт" — 3 500 сом (45 доллар);
  • эки кишилик "люкс" — 6 300 сом (81 доллар);
  • төрт кишилик апартаменттер — 10 000 сом (129 доллар).

1-августтан тарта коюлган баалар:

  • эки кишилик "стандарт" — 4 800 сом (62 доллар);
  • эки кишилик "люкс" — 7 300 сом (94 доллар);
  • төрт кишилик апартаменттер — 14 000 сом (180 доллар).

Инфраструктура: бассейн, теннис аянтчасы, кинотеатр.
Үч маал тамагы да кошо эсептелген.

"KarVen четыре сезона" эс алуу борбору

Июлдагы баалар:

  • "эки кишилик стандарт" — 105 доллар (8 142 сом);
  • "үйбүлөлүк люкс" — 130 доллар (10 080 сом);
  • VIP —200 доллар (15 508 сом).

Августтагы баалар:

  • " эки кишилик стандарт" — 120 доллар (9 305 сом);
  • "үй-бүлөлүк люкс" — 185 доллар (14 345 сом);
  • VIP — 265 доллар (20 548 сом).

Инфраструктура: сауна, машыгуу залы, бассейн.
Таңкы тамак кошо берилет.

"Радуга West" эс алуу борбору

Августтун аягына чейинки баалар:

  • эки кишилик "жарым люкс" — 80 доллар (6 203 сом);
  • төрт кишилик коттедж — 150 доллар (11 631 сом).

Инфраструктура: сауна, машыгуу залы, бассейн.
Үч маал тамагы да кошо эсептелген.

"Радуга" эс алуу борбору

23-августка чейинки баалар:

  • эки кишилик "эконом" — 100 доллар (7 754 сом);
  • эки кишилик "стандарт" — 120 доллар (9 305 сом);
  • төрт кишилик апартаменттер — 220 доллардан 350 долларга дейре (17059 сомдон 27139 сомго чейин).

Жетекчилик эс алуу борборунда меймандар үчүн акциялар өтүп турарын белгилейт.
Инфраструктура: SPA, сауна, түнкү клуб.
Үч маал тамагы да кошо эсептелген.

"Витязь" отели

Июлдун аягына чейинки баалар:

  • эки кишилик "стандарт" — 2 000 сом (26 доллар);
  • эки кишилик "жарым люкс" — 3 000 сом (39 доллар);
  • төрт кишилик коттедж — 5 000 сом (64 доллар).

Август айындагы эс алуу акысын отелдин администрациясы али кое элек.
Инфраструктура: теннис аянтчасы, орус мончосу.
Тамак-аш акысы камтылган эмес.

"Солемар" отели

Баа бир кишилик эсеп менен көрсөтүлдү.

10-июлдан 23-августка чейинки баалар:

  • эки кишилик "стандарт" — 34 доллардан 38 долларга чейин (2 636 сомдон 2 947 сомго дейре);
  • эки кишилик "де-люкс" — 97 доллардан 160 долларга дейре (7 521 сомдон 12 406 сомго чейин).

24-31-августка чейинки баалар:

  • эки кишилик "стандарт" — 26 доллардан 28 долларга чейин (2016 сомдон 2 171 сомго чейин);
  • эки кишилик "де-люкс" — 72 доллардан 114 долларга чейин (5583 сомдон 8840 сомго чейин).

Инфраструктура: SPA, сауна.
Үч маал тамагы (жайыл дасторкон), аквапарк, бассейн, түнкү клуб, баскетболдук жана балдар үчүн оюн аянтчаларына кирүү акысы бул бааларга кошо камтылган.

Эс алуу борбору Costa Brava

26-июндан 25-августка чейинки баалар:

  • эки кишилик "стандарт" — 80 доллар (6 203 сом);
  • эки кишилик "жарым люкс" — 100 доллар (7 754 сом);
  • төрт орундуу "люкс" — 150 доллардан жогору (11 631 сом).

Инфраструктура: бассейн, теннис аянтчасы, кичи футболдук аянт.
Таңкы тамак кошо берилет.

Aurora Resort Hotel санаторийи

Июлдун аягына чейинки эки адамга өлчөнгөн баалар:

  • эки кишилик "стандарт" — 4 000 сом (52 доллар);
  • эки кишилик "жарым люкс" — 5 800 сом (75 доллар);
  • эки кишилик "люкс" — 9 000 сом (116 доллар)

Августтун аягындагы эс алуу акысын санаторийдин жетекчилиги карап чыга элек. Эс алуу күндөрүнүн санына жараша арзандатуулар болушу мүмкүн.
Инфраструктура: процедуралык кабинеттер, бассейн.
Үч маал тамагы жана дарылоо процедуралары баага кошо камтылган.

"Синегорье" пансионаты

Июлдун аягына чейинки эс алуу акысы бөлмөлөргө жараша бир кишиге 1 500 сомдон (19 доллар), ал эми августтун башынан тарта 2 000 сомдон (26 доллардан) башталат.
Инфраструктура: SPA, ден соолукту чыңдоочу борбор, бильярд залы.
Үч маал тамагы да кошо эсептелген.

"Аврора Плюс" пансионаты

2-сентябрга чейинки баалар:

  • эки кишилик "компакт" — 4 900 сом (63 доллар);
  • эки кишилик стандарт — 7 000 сом (90 доллар).

Инфраструктура: SPA-салон, ден соолукту чыңдоочу борбор, машыгуу залы.
Тамак-аш акысы камтылган эмес.

"Меридиан" пансионаты

Августтун аягына чейинки баалар:

  • эки кишилик "эконом" — 42 доллар (3 257 сом);
  • эки кишилик "эконом плюс" — 54 доллар (4187 сом);
  • эки кишилик "стандарт" — 66 доллар (5 118 сом);
  • эки кишилик "люкс" — 90 доллар (6 979 сом).

Инфраструктура: бассейн, сауна, укалоочу кабинет, теннис аянтчасы, кинотеатр.
Үч маал тамагы да кошо эсептелген.

"Зето" отели

Сезон боюнча бирдей акы алынат:

  • эки кишилик "жарым люкс" — 2 300 сом (30 доллар);
  • эки бөлмөлүү батир — 6 000 сом (77 доллар);
  • эки кабат коттедж — 170 доллар (13182 сом).

Инфраструктура: бассейн, от жагылчу зал (коттедждерде).
Тамак-аш акысы камтылган эмес.

"Алтын-Кум" отели

Коронавирус пандемиясынан улам 1-августка чейин жабык.

Отелдин администрациясы келерки айдагы эс алуу бааларын кийинчерээк карап чыгат.

Инфраструктура: машыгуу залы, бассейн, укалоочу кабинет, радон суу менен чайкануучу жай.
Үч маал тамак берилет.

"Ак-Бермет" пансионаты

Бир кишиге эсептелди.

Августтун аягына чейинки баалар:

  • эки кишилик "стандарт" — 1 550 сом (20 доллар);
  • эки кишилик "люкс" — 1 750 сомдон өйдө (23 доллар);
  • эки кишилик коттедж — 1 750 сомдон жогору (23 доллар.)

Инфраструктура: бассейн, жылуу булактар.

"Колумб" пансионаты

Баа бир кишиге эсептелди.

Августтун аягына чейинки баалар:

  • бир бөлмөлүү эки кишилик номер — 1 500 сом (19 доллар);
  • төрт орундуу конок үйү — 1 725 сом (22 доллар).

Бул отелдин жетекчилиги августтагы бааларды кое элек.

South Beach пансионаты

Августтун аягына чейинки баалар:

  • "стандарт" үй — 60 доллар (4 652 сом);
  • "люкс" үй — 90 доллар (6979 сом).

Пансионаттын администрациясы эс алуу үйлөрүнө саламаттыгы боюнча врачтын тастыктамасы менен гана жайгаша аларын билдирип, мындай ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт.
Эки жашка чейинки балдар үчүн тамактануу акысыз, чоңдор үчүн күнүнө 1000 сомдон (13 доллар) алынат.

"Марко Поло" отели

6-июлдан 23-августка чейинки баалар:

  • эки кишилик "эконом" — 2 050 сом (26 доллар);
  • эки кишилик "стандарт" — 2 450 сом (32 доллар);
  • төрт бөлмөлүү үй — 11 300 сом (146 доллар).

Инфраструктура: машыгуу залы, бильярд, кафе-ресторандар, SPA, банкеттик жана конференц-залдары, ден соолукту чыңдоочу процедуралар, сауна, спорттук аянтчалар, сүзүүгө ылайыкталган арашан булактар.

Natali Resort

Августтун аягына чейинки баалар:

  • эки кишилик "стандарт" — 1 620 сом (21 доллар);
  • үч кишилик "стандарт" — 2 430 сом (31 доллар).

Инфраструктура: бассейн, пирс менен жабдылган жээк, балдар жана бий аянтчалары, жайкы кафе, стол үстүндөгү теннис, унаа токтотуучу жай.

ARTek отели

Бир номердин баасы көрсөтүлдү.

Августтун аягына чейинки баалар:

  • эки кишилик "люкс" — 50 доллар (3 877 сом);
  • үч кишилик "люкс" — 65 доллар (5 040 сом);
  • беш кишилик "люкс"— 80 доллар (6 203 сом).

Инфраструктура: ылдамдыгы жогору wi-fi, балдар аянтчасы, коргондолгон жабык территория, видеобайкоо, унаа токтотуучу жай, BBQ-зона.

Жаңылыктар түрмөгү
0