Шаршембиге карата аба ырайы

Жазылуу
15-июлда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, облустарынын кээ бир, Нарындын көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.

БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. 15-июль, шаршемби күнү, республиканын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында, Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө жана Талас облусунда жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, өлкөнүн бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

COVID таасири: метеорологдор беш жылда климат кандай өзгөрөрүн айтышты

Абанын температурасы Чүй, Талас өрөөндөрүндө +30...+35, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +31...+36, Ысык-Көл аймагында +23...+28 жана Нарын жергесинде +21...+26 градус болору айтылды.

Күндүн табы Бишкек жана Ош шаарында +33...+35, Чолпон-Атада +23...+28 градуска чейин жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0