https://sputnik.kg/20200714/koronavirus-zhukturgandar-1049005051.html
Бүгүн дагы 421 адам коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болду
Бүгүн дагы 421 адам коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болду
Sputnik Кыргызстан
"Семетей" обсервациясында дагы 400 кишилик оорукана ачылып, оор абалдагыларды кабыл ала баштай турганы айтылган. 14.07.2020, Sputnik Кыргызстан
2020-07-14T10:04+0600
2020-07-14T10:04+0600
2021-12-15T22:41+0600
https://sputnik.kg/img/07e4/07/0e/1049004695_0:336:2907:1980_1920x0_80_0_0_51eec84a27c6304096ced5263672d8eb.jpg
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2020
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e4/07/0e/1049004695_0:220:2907:2048_1920x0_80_0_0_2bc7fc1e6132996e6baa36e2aff9dfc2.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
жаңылыктар, коом, кыргызстан, кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Бүгүн дагы 421 адам коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болду
10:04 14.07.2020 (Жаңыртылды: 22:41 15.12.2021) "Семетей" обсервациясында дагы 400 кишилик оорукана ачылып, оор абалдагыларды кабыл ала баштай турганы айтылган.
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстанда 421 адамдын коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.
Анын айтымында, жаңы катталган учурдун 97си медицина кызматкерлери.
- Бишкек шаары – 176;
- Чүй облусу - 87;
- Ош шаары - 58;
- Ош облусу - 6;
- Жалал-Абад облусу - 40;
- Баткен облусу - 21;
- Ысык-Көл облусу - 31;
- Нарын облусу - 1;
- Талас облусу - 1.
Кыргызстанда пневмониядан 45 адам каза болду
Ушуну менен республика боюнча вирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 11 538 болду. Азыр стационарда 652 бейтап дарыланып жатат, анын 21и реанимацияда. Үй карантининде 5 742 адам дарыланууда. Ооруканадан 3 569 киши айыгып чыкты. Тилекке каршы, 149 бейтап каза болуп калды.