Мэрия: эми ар бир райондо түнкү стационарлар ачылат

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүСтационар. Архив
Стационар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
7-кичи райондогу ДСК спорт комплексинин базасында бир стационар (97 орун) даярдалды. Мындан сырткары, шаардагы ири ресторандын имараты акысыз берилген.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Борбор калаанын ар бир районуна түнкү стационар ачуу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, 7-кичи райондогу ДСК спорт комплексинин базасында бир стационар (97 орун) даярдалды. Мындан сырткары, "Консул" ресторанынын ээлери дагы имаратты акысыз беришкен.

Ош шаарында ачылган стационарлардын графиги жана дареги

"Орундар даяр болду. Азыркы тапта асма уколдор үчүн жабдуулар орнотулуп, медиктерди чогултуу иштери жүрүп жатат", — деп айтылат маалыматта.

Мэрия буга чейин медик, медайым, санитарларды жумушка чакырган.

© пресс-служба мэрии города БишкекБишкектеги күндүзгү стационарлардын иш тартиби
Мэрия: эми ар бир райондо түнкү стационарлар ачылат - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги күндүзгү стационарлардын иш тартиби

Эске салсак, шаарда 12 күндүзгү стационар иштеп жатат. Аларда тогуз күндүн ичинде 23 миң 819 адам кабыл алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0