Коронавирустан сакайгандар өзүн кантип карашы керек? Министрликтин жообу

© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда
Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 11 117ге жетти. Анын ичинен 3 460 бейтап айыкса, каза болгондордун саны 147 болду.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Коронавирус менен ооруп айыккандар ден соолугуна мурдагыдан да өзгөчө көңүл бурушу керек. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде маалымдады.

Анын айтымында, илдеттен арылгандар дарыгер жазып берген сунуштарды так аткарышы абзел.

Коронавирустан айыккан 73 адам ооруканадан чыкты

"Эгер өпкөгө дем алуу гимнастикасын сунуштаса, аны сөзсүз жасоо керек. Ошондой эле дарыгер айткандай тамактанышы зарыл. Мындан сырткары, мурдагыдай эле бет капты түшүрбөй тагынып, колду бат-баттан жууп, аралыкты сакташы шарт. Башкаларга бул оору бар экенин, ал оор өтөрүн айтып илдетти жеңүүгө көмөктөшкүлө", — деди Акматова.

Белгилей кетсек, өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 11 117ге жетти. Анын ичинен 3 460 бейтап айыкса, каза болгондордун саны 147 болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0